Бишкек: мас милиционер кырсыкка кабылды, ал былтыр кафеде ок чыгарган

© Sputnik / Табылды КадырбековБорьба я пьянством за рулем в Кыргызстане
Борьба я пьянством за рулем в Кыргызстане  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул эле милиционер былтыр кафеде чыр чыгарып, тапанчасын ала чуркаган.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Борбор калаанын Чүй проспектиси менен Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде эркек кишинин кесепетинен жол кырсыгы болду. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан кабарлашты.

"Окуя 10-февралда болжол менен кечки саат алтыдан өткөндө болгон. Тагыраагы, Lexus айдаган киши автоунаасын коем деп Daewoo Nexia жана Toyota Mark II автокөлүктөрүн сүзгөн. Кармалган учурда ал кишинин мас экени белгилүү болду", — деп билдиришти милициядан.

Ал киши ичип алып сүзгөн үч автоунаа тең атайын короого токтотулду.

Атышуудагы тапанча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токмоктогу атышуу: ички иштер министри башка органдарды да сындады
Тартип коргоо органдарындагы маалымат булагы Sputnik Кыргызстан агенттигине мас болуп жол кырсыгына кабылган киши Ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматында иштерин айтты. Ал былтыр да чуулгандуу окуяга кириптер болгонун кошумчалады.

2018-жылдын 12-сентябрында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкери шаардагы кафелердин биринде эс алып жатып, башкалар менен мушташа кетип, алардын бирөөсүнө ок чыгарган. Анда кылмыш иши козголгон. Бишкек милициясынан ошол күндөрү тапанчасын ала чуркаган киши алардын кызматкери экенин, ал эми жабырлануучу Көзөмөл кызматында иштерин билдиришкен.

Маалымат булагынын айтымына караганда, милиция кафедеги чырдан кийин ИИМдин Кадрлар бөлүмүнүн көзөмөлүндө турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0