Көлдүн Чоң-Сары-Оюнда унаалар кагышып, эки киши каза тапты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаа. Архив
Жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы 24-декабрда саат 23:45тер чамасында катталган.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Ысык-Көл районундагы Балыкчы — Чолпон-Ата — Каракол жолунун 60-чакырымында (Чоң-Сары-Ой айылы) Honda Stepwgn жана Mercedes-Benz 210 үлгүсүндөгү жеңил унаалар кагышкан. Анын кесепетинен эки киши каза болуп, төрт киши жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жол кырсыгы 24-декабрда саат 23:45тер чамасында катталган.

"Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши каза болуп, эки эркек жана эки аял ар кандай жаракаттарды алышкан", — деп айтылат маалыматта.

Каргашалуу окуя болгон жерге келген куткаруучулар жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, аларды Тез жардам кызматы алып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0