Мамлекеттик сатып алуулар боюнча 125 кылмыш иши козголду

© Sputnik / Табылды КадырбековОткрытие уголовного дела в КР
Открытие уголовного дела в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Андан сырткары, үч учур боюнча сотко арыз берилген.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун төрагылыгы алдында өткөн Координациялык кеңешмеде мамлекеттик сатып алуулардагы мыйзам бузуулар боюнча прокуратура органдары тарабынан 1485 акты түзүлгөн.

Обращение сома в КР - Sputnik Кыргызстан
Эки жылда мамлекеттик сатып алуулар боюнча 3 миңге жакын мыйзам бузулган
Бүгүнкү Координациялык кеңешмеде мамлекеттик сатып алуулар жана саламаттык сактоо системасындагы коррупцияга каршы күрөшүү жана башка маселелер каралды.

Маалыматка ылайык, прокуратура органдары мамлекеттик сатып алуулар жаатында бузулган мыйзам бузуулар боюнча 1485 акты түзгөн. Анын ичинде мыйзамсыз берилген 98 укуктук актыга каршылык билдирилген.

Ошондой эле жалпысынан 125 кылмыш иши козголуп, мамлекетке 43 миллион 674 миң 830 сом кайтарылган. Андан сырткары, сотко үч арыз берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0