Ысык-Көлдө ишкердин Geländewagen автосун өрттөп кетишкен. Шектүү кармалды

© AFP / DANIEL LEAL-OLIVASMercedes-Benz G-Class автоунаасы. Архив
Mercedes-Benz G-Class автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан үч жыл мурун Ысык-Көлдө белгисиз адамдар ишкердин жол тандабасын өрттөп кетишкен. Криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү муну "ишкерлерге кысым көрсөтүү максатында криминалдык түзүм тарабынан буюртма менен атайын жасалган" деп баалаган.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Борбор калаада Ысык-Көлдөгү ишкердин унаасын өрттөөгө буюртма берди делген адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Аталган кылмыш иши 2015-жылдын июль айында Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде катталган. Анда белгисиз адамдар бишкектик ишкерге таандык Mercedes-Benz G-class (Geländewagen) үлгүсүндөгү жолтандабасты өрттөп кетишкен. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодесинин 174-беренеси ("Башканын мүлкүнө олуттуу зыян келтирүү, аны атайылап жок кылуу") боюнча иш козголгон.

Криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү муну "ишкерлерге кысым көрсөтүү максатында криминалдык түзүм тарабынан буюртма менен атайын жасалган" деп табышкан.

Унааны өрттөөгө шектүү адам учурда башка кылмышы үчүн абакта жатат. Ал эми аны өрттөөгө буюртма берди делген 39 жаштагы киши 11-декабрда колго түшүрүлгөн.

"Кармалган адам уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турат. Учурда анын иши Биринчи май райондук сотунда каралып жатат", — деп жазылат маалыматта.

ИИМдин маалыматына таянсак, шектүүгө 2010-жылы да кылмыш иши козголуп 15 жылдан ашык убакытка эркинен ажыратылган. Учурда ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0