Бишкектеги түнкү клубда каза болгон бала. Милиция окуянын чоо-жайын айтты

Жазылуу
Студенттер түнкү клубда окуу жайга кабыл алынганын майрамдап жатышкан.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкектеги түнкү клубдардын биринде чыккан мушташтан улам каза тапкан бала биринчи курстун студенти болгон. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден маалымдашты.

Эскерте кетсек, 28-октябрга караган түнү эс алып жүргөн үч баланын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Экөө биригип, үчүнчүсүн ур-токмокко алышкан. Соккудан улам ал жыгылып башы менен тепкичке тийген. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ошол жерден жан берген.

"Түнкү клубда мушташ чыкканы боюнча маалымат милицияга 28-октябрь күнү түнкү саат 1.30дар чамасында түшкөн. Окуя болгон жерге Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери барып, тепкичтин жанында жаткан баланын сөөгүн табышкан", — деп укук коргоо органдарынан билдиришти.

Случаи разбойных нападений в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө арыктан киши колдуу болгон 32 жаштагы кишинин сөөгү табылды
Каза болгон бала 18 жаштагы Б.А. аттуу биринчи курстун студенти экени аныкталды. Аны сабагандар ошол эле окуу жайда окуган 18 жаштагы О.Р. менен 17 жаштагы М. уулу А. экени такталып, колго түшүрүлдү.

Кийин балдар биринчи курска кабыл алынгандарын майрамдап жатып уруша кеткени белгилүү болгон.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Кылмыш жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап залака тийгизүү) боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0