БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Эртең менен "Ош" аэропортунда Москва шаарына учканы жаткан Boeing 737 учагы кайра кайрылууга мажбур болгонун күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp номери аркылуу билдирди.
Ал жиберген сүрөткө караганда, AviaTraffic компаниясына тиешелүү учактын дөңгөлөгү жарылып, резинасы жешилип кеткен.
Окуя жекшемби күнү саат тогузга чукул болгонун Кыргызстандын Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев да тастыктады.
"Учак абага көтөрүлө элек болчу. Бирок учакка жүргүнчүлөр жайгашып, учуу тилкесине эми чыгып күүлөнөрдө алдыңкы дөңгөлөктөрү жарылды. Бактыга жараша учкучтар маалында токтотуп калышты. Жабыркагандар жок", — деди Акышев.
Ал кошумчалагандай учурда жүргүнчүлөр мейманканага жайгыштырылып, жакынкы 3-4 сааттын ичинде башка учак менен Москва шаарына учуп кетет.
Бортто канча жүргүнчү болгону азырынча белгисиз.
Бул окуя тууралуу "Манас" аэропорту дагы үн ката элек.
Эске салсак, ушул эле авиакомпаниянын учактары өткөн жайда эки ирет авариялык конууга мажбур болгон. Биринчи окуя 29-июлда, экинчиси 5-августта болгон. Экөөндө тең учактар абага көтөрүлгөндөн кийин кайра кайтып келүүгө мажбур болгон.