Подмосковьеде массалык мушташтан кыргызстандык жаран каза болду

© Sputnik / Анна Соловьева / Медиабанкка өтүүУруш. Архивдик сүрөт
Уруш. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза тапкан жана жарадар болгон эки жаран 22 жашта жана Токтогул районунун тургундары экени айтылды.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Москвада иштеп жүргөн кыргызстандык 22 жаштагы жаран массалык мушташтан каза тапты. Бул кабарды КРдин Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Маркумдун тууганы Залкар Жумадиловдун Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маалыматына караганда, окуя Подмосковьенин Красногорск шарында караштуу  Нахабино аймагында кечээ, 14-августта, болгон.

"13-августта Нахабино поселогундагы футбол талаасында мага тууган болуп кеткен кыргызстандык эки бала ойногону барып, ал жердеги башка улуттун өкүлдөръ менен айтыша кетиптир. Эртеси кайра жолукмак болуп, талаадан кездешип, бир нече автоунаа менен келгендерден жээндеримдин бири ок жеп, экинчиси бычакталыптыр. Ок жеген 22 жаштагы Жаркынбек Шаймерденов каза болуп калды", — деп билдирди Жумадилов.

Москвада жайгашкан элчиликтен Кыргызстандын жараны каза болгондугун тастыктап, окуя болгон жерде дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкери жүргөнүн билдиришти.

Доставка тел погибших кыргызстанок в пожаре в Москве - Sputnik Кыргызстан
Кошматов: кээде өлүктү жөнөтө албай калабыз. Себеби, Кыргызстандын учактары албайт
Москвадагы кыргыз диаспорасынын "Кыргыз биримдиги" коомунун өкүлү, коомдук ишмер Улан Кошматов маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү үчүн мигранттар акча чогултуп жатканын билдирди.

"Сөөктү мекенине жиберүү үчүн тийиштүү документтерди даярдап жатабыз. Эгерде уруксат кагаздары бүтүп калса, эртең (16-августта) Жүк-200 менен салабыз. Бул жердеги иштеген кыргызстандыктар акча чогулта баштады", — деди Кошматов.

Жумадилов каза болуп жана жарадар болгон эки жаран Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургундары экендигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0