Сузак районунда беш жашар кыз гана жоголгон. ӨКМдин тактоосу

© Sputnik / Табылды КадырбековПроблема питьевой воды в Нарыне
Проблема питьевой воды в Нарыне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин ӨКМ эс алуу жайында 31 жаштагы аял менен 5 жаштагы кыз жоголгонун кабарлаган. Кийин беш жаштагы кыз гана табылбай жатканын тактады.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Алма эс алуу жайында 18-июлда 5 жашар кыз гана жоголгонун ӨКМ билдирди.

Буга чейин аталган эс алуу жайында 31 жаштагы аял менен 5 жаштагы кыз жоголгону кабарланган болчу.

"18-июль күнү саат 12:00дөр чамасында Сузак районундагы Кара-Алма деген жерде эс алып жүргөн 31 жаштагы тургун 5 жашар кызын ойноп жаткан жеринен таппай калган", — деп айтылат маалыматта.

Жарандар кызды өз алдынча издеп натыйжа болбогондуктан кечинде куткаруучуларга кайрылган. Издөө иштери саат 20:40тарга чейин улантылган.

19-июлда издөө иштери жанданып, 10 куткаруучу, 5 милиция кызматкери жана туугандары болуп жалпысынан 23 киши тартылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0