БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Алма эс алуу жайында 18-июлда 5 жашар кыз гана жоголгонун ӨКМ билдирди.
Буга чейин аталган эс алуу жайында 31 жаштагы аял менен 5 жаштагы кыз жоголгону кабарланган болчу.
"18-июль күнү саат 12:00дөр чамасында Сузак районундагы Кара-Алма деген жерде эс алып жүргөн 31 жаштагы тургун 5 жашар кызын ойноп жаткан жеринен таппай калган", — деп айтылат маалыматта.
Жарандар кызды өз алдынча издеп натыйжа болбогондуктан кечинде куткаруучуларга кайрылган. Издөө иштери саат 20:40тарга чейин улантылган.
19-июлда издөө иштери жанданып, 10 куткаруучу, 5 милиция кызматкери жана туугандары болуп жалпысынан 23 киши тартылды.