Сузактагы эс алуу жайынан 31 жаштагы аял менен 5 жашар кыз жоголду

© Sputnik / Эмиль СадыровСуу бойлоп ойногон кыз. Архив
Суу бойлоп ойногон кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 18-июлда саат 12:00дөр чамасында болгон.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Алма эс алуу жайында чак түштө эс алып жүргөн жеринен 31 жаштагы аял жана ойноп жаткан жеринен 5 жашар кыз жоголгон. Чогуу баргандар аларды таппай калышкан. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

"Өз алдынча издешип натыйжа болбогондуктан кечинде куткаруучуларга кайрылышкан. Издөө иштерине 4 куткаруучу жана туугандары кошулуп издөө иштери жүрүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Окуя 18-июлда саат 12:00дөр чамасында болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0