Өзгөн: кызга жолугууга барган жигитти жергиликтүү балдар сабап салышты

Жазылуу
Кылмышка шектүү эки жигит кармалып, аларга карата кылмыш иши козголду.

ОШ, 11-июн. – Sputnik. Өзгөн районундагы айылдардын бирине тааныш кызына жолугуу үчүн барган жигитти жергиликтүү балдар сабап кетишти. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 2-июнда болгон.

Жабыркаган жигит Кара-Суу районунун 23 жаштагы тургуну болуп чыккан. Ал жеңил жараат алган. Окуя тууралуу эч кимге айткан эмес. Милицияга окуя тууралуу ыкчам маалымат түшкөндөн кийин иликтөө башталып, жабырлануучу арыз жазган. Кылмышка шектелип эки жигит кармалып, аларга карата иш козголду.

"Кылмышка шектүү эки жигит 10-июнь күнү кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбашчылык) менен иш козголду. Алгачкы иликтөөлөр көрсөткөндөй, жабырлануучу жигитти жергиликтүү жигиттер "биздин айылдын кызы менен сүйлөшпө" деп сабап салышкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда бул окуяга тиешеси болушу мүмкүн делген башка шектүүлөр да такталып жаткандыгы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0