Россияда жол кырсыгына кабылган кыргызстандыктардын абалы оор

© Фото / ГУ МЧС РФ по Ленинградской областиДТП в Шацком районе Рязанской области
ДТП в Шацком районе Рязанской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 1-апрелде М-5 трассасынын 377-чакырымында болгон

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Рязанда болгон жол кырсыгында Кыргызстандын сегиз жараны оор жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 1-апрелде М-5 трассасынын 377-чакырымында болгон. Москва шаарынын жүргүнчүлөрү менен бара жаткан кичи автобус жол боюндагы түркүктү барып сүзгөн.

"Жол кырсыгында сегиз адам жараат алып, алардын бардыгы Кыргызстандын жараны болгон. Honda кичи автобусу Мордовиядан Москвага баратып түркүктү сүзгөн", —деп жазылат малыматта.

Окуя болгон жерге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен медициналык кызматкерлер барып жардам көрсөткөн. Учурда жабыркагандардын абалы оор жана алардын айрымдарына операция жасалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0