БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Бишкекте бычакталган кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Маркумдун сөөгү 3-мартта Чоң Чүй каналынын жээгинде табылган. Ал 20дан ашык жолу бычакталып, кекиртеги кесилген.
Иликтөө иштерин Биринчи Май райондук ИИБи жүргүзүүдө. Учурда кылмышка шектүүлөр аныктала элек.