Бишкекте 20дан ашык жолу бычакталган кишинин сөөгү табылды

© REUTERS / Mohammad IsmailЖарадар адам. Архив
Жарадар адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдун сөөгү 3-мартта Чоң Чүй каналынын жээгинен табылган

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Бишкекте бычакталган кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Маркумдун сөөгү 3-мартта Чоң Чүй каналынын жээгинде табылган. Ал 20дан ашык жолу бычакталып, кекиртеги кесилген.

Иликтөө иштерин Биринчи Май райондук ИИБи жүргүзүүдө. Учурда кылмышка шектүүлөр аныктала элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0