Элчилик Санкт-Петербургда КР жараны каза болгонун тастыктады

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүСанкт-Петербург шаары. Архив
Санкт-Петербург шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчилик маркумдун сөөгүн мекенге жеткирүү үчүн анын туугандарына жардам берүүгө даяр

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. КРдин Россиядагы элчилиги Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык кокустуктан улам каза болгонун тастыктады.

Ага ылайык, Россия ИИМинин Санкт-Петербургдун Фрунзе району боюнча башкармалыгы 1980-жылы туулган Кыргызстандын жараны И.Д. каза болгонун ырастаган. Каргаша 19-январда киши автобусту оңдоп жатканда болгон.

Элчилик маркумдун жакындарына зарыл болсо сөөктү Кыргызстанга жөнөтүү үчүн жардам берүүгө даяр.

Жаңылыктар түрмөгү
0