БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Ош облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкеринин канындагы канттын деңгээли стресстен жана жакшы тамак ичпегендиктен көтөрүлүп кетиши мүмкүндүгүн Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы эндокринологу Наталья Добрынина Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
"Кант диабетин убагында аныктоо мүмкүн эмес. Ал стресстик абалдан, чыңалуудан жана башка факторлор болгондо гана ортого чыгат. Кант диабети түрдүү жаш куракта пайда болушу мүмкүн. Эгер кишинин канындагы канттын деңгээли өтө көп эмес болбосо дагы стресске кабылган учурда заматта көбөйүп кетиши мүмкүн. Бирок кандагы канттын деңгээли көтөрүлүп кеткенде эсин жоготуу мүмкүн эмес. Эс жоготуу кандагы көлөмүнүн аздыгынан улам болушу мүмкүн. Башкача айтканда, киши көп убакыт бою стресс абалда жүрүп же көпкө ачка жүрсө эсин жоготушу ыктымал", — деди Добрынина.
Өз кезегинде Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) маалымат кызматы милиция кызматкерлери ишке бир нече критерий менен алынарын билдирип, башкы критерийлердин бири талапкердин саламаттыгынын чың болушу керектигин кошумчалады. Башкача айтканда, милициянын катарына кошула турчу киши ишке жолтоо боло турчу оорулар менен оорубашы керек.
Ал ортодо милиция кызматкеринин жол кырсыгына кабылышы боюнча кызматтык териштирүү жүрүп, бардык анализдер дайындалган. Эгер кызматкердин буга чейин да кант диабети менен ооруп жүргөнү аныкталса, анын оорусун жашырган бардык тийиштүү кишилер жазага тартылат.
Буга чейин коомдук активист Болот Ибрагимов Facebook баракчасына Ош облусунда кызматтык автоунаа менен жол кырсыгына кабылган милиция кызматкеринин видеосу менен сүрөттөрүн жарыялаган. Ошондой милиция эс-учун жоготуп, машинанын ичинде жатканын жазган.