БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Түндө өлтүрүлгөн Улан Саляновдун аялынын көрсөтмөсү боюнча белгисиз адамдар жолдошун сабап, андан соң эки жолу аткан. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Кылмыш түнкү саат 3:00дөр чамасында мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын инисинин үйүндө болгон. Түн жамынып, беткапчан, мээлейчен үч киши курал менен кирип келишкен.
"Улан Саляновдун аялынын айтымында, ал башка бөлмөдө болгон. Кылмыш болгон маалда келин кыйкырыкты жана аны сабап жатканын уккан. Андан соң эки жолу ок атылган", —деп билдиришти милициядан.
Учурда окуя болгон жерде ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат.