БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунда эки автоунаа бет маңдай кагышып, сегиз киши каза тапканын ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Кырсык ноябрдын бешинен алтысына караган түнү Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында болгон.
Honda Stepwagon жана Man үлгүсүндөгү газ ташуучу унаа кагышып, төрт эркек, үч аял жана алты айлык наристе каза болду.
ӨКМдин маалымат кызматы кырсыкта жабыркаган эки адам оор абалда ооруканда экендигин кошумчалады.
Каза тапкандардын ким экендиги такталып жатат.
ӨКМ куткаруучулары кырсыктан чыккан өрттү өчүрүп, каза болгондордун сөөгүн алып чыгышты.