"Азия Молл" борборундагы жол кырсыктын чоо-жайын милиция айтып берди

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Авто кырсыктын кесепетинен беш адам көз жумган

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. ИИМдин Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматы Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги ири жол кырсыгынын чоо-жайын Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымдады.

Жол кырсык 5-ноябрь күнү, эртең мененки саат 4.15дер чамасында "Азия Молл" соода борборуна жакын жерден катталган. Анын кесепетинен беш киши көз жумган.

ДТП по проспекту Чингиза Айтматова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Asia Mall борборунун жанында кырсыктап күйүп кеткен унаа видеого тартып алынган
Маалыматка караганда, Toyota Camry унаасынын 22 жаштагы айдоочусу проспекти менен ылдыйды көздөй катуу ылдамдыкта келе жатып, Toyota Ist унаасын илип кеткен. Натыйжада рулду башкара албай калып каршы тилкеге сүрүлүп барып, Айтматов проспектиси менен жогору жакты көздөй бараткан дагы бир Camry менен кагышкан.

Жол эрежесин бузган айдоочунун унаасында беш адам болгон. Айдоочу менен бир жүргүнчү көз жумган. Унаадан өрт чыгып, күбөлөр айдоочуну сыртка алып чыгууга үлгүрбөй калышкан. Тирүү калган үч жүргүнчү жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Дагы бир Camry унаасынын айдоочусу менен эки жүргүнчүсү каза тапкан. Ал эми Toyota Ist унаасынын айдоочусу жабыркаган эмес.

Учурда факты боюнча экспертиза дайындалып тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0