БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Бишкекте төртүнчү кабаттан кулап кеткен кыздын акылабы оор экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кырсык 2-ноябрь күнү таңга маал болгон. Кызды Бишкек шаардык травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборуна саат 05.45те жеткиришкен.
Маалыматка караганда, жабырланучунун жаагы сынып, мээси чайкалып калган.
Учурда укук коргоо органдары ишти иликтеп жатат.