Сары-Челекте жоголгон израилдик кыз шеригин таштап өзүнчө кеткен. Окуянын чоо-жайы

© Фото / Влад УшаковСары-Челек. Архив
Сары-Челек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Хилла Ливне жарым жыл мурда Израиль аскерлеринин катарында кызмат өтөп, кийин дүйнө кыдырып кеткен.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Сары-Челек коругунда изделип жаткан израилдик 22 жаштагы Хилла Ливне жарым жыл мурда аскердик кызматын өтөп бүтүп, ошондон кийин дүйнө кыдырууга аттанган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Израилде иш алып барган Kyrgyz Trips туристтик агенттигинин негиздөөчүсү Алекс Супинский билдирди.

Эске салсак, Жалал-Абаддын Аксы районунда израилдик турист кыз 23-сентябрь күнү жоголуп кетип, учурда аны өздөө иштери жүрүп жатат. Кыздын жоголгону тууралуу маалымат ӨКМге шейшемби күнү түшүп, аталган аймакка 10 куткаруучудан турган топ чыгып кеткен.

"Мен азыр Казакстандамын. Өткөн аптанын жума күнү Кыргызстандан Хилла менен чогуу жүргөн топко кезиккем. Алар Сары-Челекке барганы жатышкан. Мен израилдик туристтерди камтыган WhatsApp топ уюштурдум эле, Хилла дагы анда бар. Биз ошол аркылуу таанышканбыз. Бирок Хилла менин компаниямдын кызматын пайдаланбай, өз алдынча кеткен. Жума күнү Хилла менден Сары-Челекке баруунун жолдорун сураганда, аларга атайын унаа жалдап берейин десем, маршрутка менен барабыз деп болбой коюшкан. Мен Казакстанга жеткенде маршрутка кырсыктап, Хилланын шериги бутун жабыркатып алганын кабарлашты. Бишкекке кайткыла деген кеңешимди укпай, жол улайбыз дешкен", — деди Супинский.

ӨКМдин маалыматына караганда, Хилланын шериги 24 жаштагы Городесен Нафад Едипьия аскадан кулап, бутун сындырып алган. Ал 24-сентябрь күнү Сары-Челек коругуна жөнөткөн Кыргызстандын туристтик фирмасы менен байланышып, окуя жөнүндө кабар берген. Аны Аркыт айылында туристтерге кызмат көрсөткөн адамдар 25-сенбярь күнү гана табышкан. Ал эми анын жанында жүргөн турист кыз ушул убакка чейин дайынсыз.

Алекс Супинскийдин айтымында, Хилла 24 жаштагы жигит аскадан кулаганга чейин эле башка жолго түшкөн экен.

"Кийин Городесен Нафад Едипьия менен телефон аркылуу байланышканымда ал кулап кеткенге чейин эле Хилла экөө макулдашып алып эки башка жол менен кеткенин айтты. Бирок экөө бири-бирине жакын эле аралыкта жүрүшөрүн сүйлөшүптүр", — деди ал.

Ошондой эле ал карындашын издөө үчүн Израилден кыздын биртууган агасы келгенин кошумчалады.

Тик учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Израиль Сары-Челекте жоголуп кеткен жаранын издөө үчүн Германиядан тик учак суроодо
Турист кыз бул жакка үч жума мурда келип, Ысык-Көл, Ала-Көлдө болуп, Супинскийге сүрөттөрүн салып турган.

Хилла Ливне жарым жыл мурда Израиль аскеринде спорт инструктору катары кызматын өтөп бүткөн. Ошондон кийин дүйнө кыдырууну чечип, Австралияда, Жаңы Зеландияда болгон. Мыкты спорттук даярдыгы бар турист кыз трекинг менен алектенип жүрчү. Мындан тышкары, улан-кыздарды аскерге даярдоо боюнча долбоорлорду ишке ашырган.

Учурда аны ӨКМ куткаруучулары, Аксы РИИБинин кызматкерлери, жергиликтүү тургундар, Израилден келген куткаруучулар, бир тууган агасы жана өнөктөшү Городесен Нафад Едипьия издеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0