БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Таласта тестиер кыздын өмүрүн алган жол кырсыгы болду. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине милиция кабарлады.
Окуя 20-сентябрь күнү болжол менен саат 15.00дөрдө болгон. Жүк ташуучу ГАЗ-53 унаасы оодарылып калган.
"Үй-бүлө жайлоого бара жаткан. Белгисиз себептер менен унаа оодарылып калган. Рулда 53 жаштагы үй ээси отурган. Кырсыктан унаанын артында отурган 9 жаштагы кыз көз жумду. Калгандары аман-эсен", — деди маектеш.
Аталган факты боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалды.