Бишкектик салыкчы тигүү цехинин ээсинен пара алып жаткан жеринен кармалды

© Sputnik / Михаил Кутузов / Медиабанкка өтүүЧөнтөгүнө акча салып жаткан адамдын архивдик сүрөтү
Чөнтөгүнө акча салып жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салыкчыга карата Кылмыш жаза кодексинин 313-беренеси (ири көлөмдө пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Эки миң доллар пара талап кылган  бишкектик салыкчы колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМдин авиа мекемесинин 8 миң доллар пара алып жаткан жетекчиси кармалды — видео
Маалыматка ылайык, Финполго жеке ишкер Бишкек шаарынын Свердлов райондук Салык башкармалыгын башкы инспектору 2000 доллар талап кылып жаткандыгын билдирип кайрылган. Анда салыкчы пландан тышкаркы текшерүүлөрдүн жыйынтыгын оңунан чечип берүү үчүн тигүүчү цехтин ээсинен акча талап кылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (ири көлөмдө пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козгогон.

Анын негизинде Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы 20-июнда ыкчам-тергөө иштери жүргүзүп салык кызматкери 1000 доллар жана 34 миң сом алып жаткан жеринде колго түшүрүлгөн.

Учурда тергөө иштери улантылып, шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Эске сала кетсек, 9-июнда Кара-Балта шаарында 60 миң сом пара алгандан кийин Жайыл райондук Салык башкармалыгынын ага инспектору колго түшүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0