ИИМ аркарды ташка алып өлтүргөн жарандарды издеп жатат

© flickr.com / Paulo FassinaАрхар (горный баран) или аргали
Архар (горный баран) или аргали - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция алгач аркарды мыкаачылык менен өлтүргөн адамдардын видеосу качан жана кайсы жерде тартылганын аныктайт.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери аркарды (Марко Поло кою) таш менен бир нече ирет ургулап, кулата чапкан эки уланды издеп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Эскерте кетсек, 22-апрелде Facebook социалдык тармагында эки жигиттин аскада калган аркарды ташка алып жерге кулаткан видеосу таркаган.

"Булар браконьерлер болушу ыктымал. Себеби лицензиясы бар аңчылар алгачкы адамдардай болуп жандыкты таш менен өлтүрмөк эмес. Видео тоолуу райондо тартылганы көрүнүп турат. Алар жергиликтүү тургундар болушу мүмкүн. Бирок бул видео кайсы жерде тартылганы азырынча белгисиз. Учурда тактоо иштери жүрүп жатат", — деп билдиришти маалымат кызматынан.

Животные в национальном парке Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Ала-Арчадагы фотокапкан: келбээрсиген илбирстен, томпоңдогон торопойлорго чейин
Учурда иш Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин кароосунда турат. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери видеодогу адамдарды табууга жардам бергени жатат.

Марко Поло кою Кыргызстандын Кызыл китебине кирген сейрек кездешүүчү жаныбар. Бир аркарды атууга жол берген лицензия 450 миң сом турат. Бирок мыйзам боюнча жети жаштан өткөн аркарларга гана аңчылык кылууга уруксат берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0