Булак: Бишкекте мектепти тоноого шектелип милиционер кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековIV фестиваль образования в КГМА в столице
IV фестиваль образования в КГМА в столице - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда ИИМ маалыматты текшерип жатат.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкекте мектепти тоноп кетишти. Шектүү катары милиционер кармалганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына укук коргоо органдарындагы булак билдирди. 

Окуя 10-апрелге караган түнү шаардык №24 мектепте болгон.

Окуу мекемесинин директору Анара Абдураимова маалыматты ырастады. Ал Биринчи Май райондук милиция бөлүмүнүн мамлекеттик күзөт башкы башкармалыгынын кызматкери уурулук жасаган деп эсептейт. Анын айтымына караганда, сырттагы видеокамера анын сөзүн тастыктап берет.

Февраль айында мектеп аталган күзөт башкармалыгы менен болгон келишимди жокко чыгарган.

"Бул киши мектепти бир жыл бою кайтарып, күмөн туудурган эмес. Өзүн абдан жакшы жагынан көрсөткөн. Билимдүү, жоопкерчиликтүү. Ага карата эч кандай каршылыгым жок эле. Ошол күнү жаңы күзөтчү уктап калган экен. Мектептин ичинен кымбат баалуу техниканы чыгарып кетишиптир", — деди директор.

Работа вневедомственной охраны ГУ МВД России - Sputnik Кыргызстан
Кыздар үйлөрдү кантип тоноп жүргөнүн милиция айтып берди
Уурулук катталгандан кийин мектеп директору милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, шектүүнүн үйүнөн төрт ноутбук, эки проектор менен принтер табылган.

"Жалпы жонунан техниканын баасы 400 миң сомго чукул каражатты түзөт. Менин оюмча ал адам менен милициядан бетме-бет жолугуп сүйлөшөт болушум керек", — деди Абдураимова.

ИИМ уурулукка шектелип кармалган милиционер тууралуу маалыматты текшерип жатканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0