"Жалда" үйдүн үстүнөн боюн таштоого аракет жасаган аялды милиция алып кетти

© Фото / Тимур ТынчтыкбековЖенщина грозится спрыгнуть с крыши недостроенного дома в микрорайоне "Джал"
Женщина грозится спрыгнуть с крыши недостроенного дома в микрорайоне Джал - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Суицид жасоого аракет кылган аял мындай кадамга эмнеге барганы такталууда.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. "Жал" кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн үстүнөн боюн таштоого аракет жасаган аялды милиция алып кеткендигин күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлады. 

Буга чейин окуя болгон жерге Бишкек шаардык милициянын кызматкерлери жөнөп кеткени маалымдалган. Мындан тышкары, окуя болгон жерде ӨКМдин куткаруучулары иштеп жатканы белгилүү болгон

"Боюн таштоого аракет жасап жаткан аялдын жанына эркек киши келип кечирим сурап жатты. Акыры аял анын тилин алды окшойт, жерге түшүп, милиция кызматкерлери аны алып кетти", — деди күбө.

Ал эми курулуп жаткан үйдүн юристи боюн таштоого аракет кылган жаран 18 жаштагы келин экенин билдирди. Ал өзүн үйдө үлүшү бар адам катары тааныштырып, чатырга чыгып кеткенин белгиледи. 

"Ал жолдошун өзү чакырыптыр. Күйөөсү жубайынын тилин таап чатырдан алып түштү", — деди юрист. 

Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0