Түптө дагы эки балыкчы жоголду

Жазылуу
Балыкчылар үйлөрүнөн 30-январь күнү чыгып кеткен.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп районунда балык кармоого кеткен эки адам дайынсыз жоголууда. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы билдирди.

Адамдар үйүнөн 30-январь күнү чыгып кеткен.

"Күрмөнтү айылынын эки тургуну Кутургу жана Фрунзе айылдарынын ортосундагы көлдүн тилкесине балык кармоого кетишкен. Бир күндөн бери дайындары жок. Түштөн кийин ӨКМ куткаруучулары жана райондук милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүүгө чыгышкан", — деп жазылат маалыматта.

Учурда издөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0