Министр: Тажикстан электр энергиясын сунуштады, бүгүн ала баштадык

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЭлектр зымы. Архив
Электр зымы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2021
Жазылуу
Министрдин айтымында, тажик тарап өздөрү байланышка чыгып, электр энергиясы ашып жатканын айтуу менен керек болсо колдонууну сунуштаган.
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кыргызстан Тажикстандан күнүнө 1 миллион киловатт саат электр энергиясын ала баштады. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев билдирди.
Анын айтымында, тажик тарап өздөрү байланышка чыгып, электр энергиясы ашып жатканын айтуу менен керек болсо колдонууну сунуштаган.
"Биз товар алмашуу жолу аркылуу сүйлөшпөйбүз, сатып алабыз, учурда келишимдер даярдалып жатат. Бүгүндөн баштап түштүк региондоруна электр энергиясы бериле баштады", — деди министр.
Ошондой эле ал Россиядан дагы электр энергиясын импорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0