03:59 06 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.7914
  • EUR101.7878
  • RUB1.1267
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
365 0 0

Аткезчилик менен күрөшүү үчүн жумушчу топ түзүлдү. Министр кээде өз укуктарынан чыгып кетүүгө да аргасыз болгонун билдирүүдө.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Кыргызстандан чет өлкөгө тирүү малды чыгарууга тыюу салынганына карабай, күнүнө жүздөп, миңдеп өткөрүп кетишүүдө. Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев билдирди.

Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда ал мамлекеттик органдардын ишин кайра карап чыгуу керектигин белгилеп, бири-бирин кайталаган кызматтар жана жоопкерчиликтен качкандар көп экенин айтты. Токтогазиев кээде өз укуктарынан чыгып кетүүгө да аргасыз болгонун белгиледи. Тагыраак айтканда, контрабанда менен күрөшүү үчүн жумушчу топ түзүлгөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Новости и события дня (@sputnik.kg)

"Контрабанда каякта, Айыл чарба министрлиги каякта жатат? Бирок ал айыл чарбасына түздөн-түз таасир этет. Контрабанда аркылуу бизге зыянкечтер жана оорулар кирип, айыл чарба тармагына катуу сокку урушу ыктымал. Азыр тыюу салынганына карабай сыртка мал чыгарып кетип жатканын байкап жатабыз", — деди Токтогазиев.

Министрлик бул көйгөйдөн улам Сосновка постуна (Чүй облусу) жана Чычкан капчыгайына (Жалал-Абад облусу, Токтогул району) көзөмөлдү күчөтүүнү карап жатат.

"Албетте, бул чек ара эмес. Бирок Бишкектен, Токмоктон жана Сокулуктан сатып алып Сосновка посту аркылуу түштүк тарапка алып өтүшөт. Анан табышмактуу түрдө жоголуп кетет. Биздеги маалыматтар боюнча, күн сайын жүздөгөн, миңдеген мал чыгарып кетишүүдө", — деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, өкмөт малды жана айрым азыктарды чет өлкөгө сатууга алты айлык чектөө киргизген.

Тема боюнча

Депутат министр Токтогазиевдин бет капчан мал базар кыдырганын сынга алды
Сөз талашпаңыз! Вице-спикер Бакиров министр Токтогазиевди какты
Белгилер:
контрабанда, чектөө, сатуу, мал, Тилек Токтогазиев

ЭҢ МААНИЛҮҮ