Мукамбетов: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу ЕАЭБде жаңы рынокторду ачат

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев Кыргызстандын экономика министри Санжар Мукамбетов. Архив
Кыргызстандын экономика министри Санжар Мукамбетов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр темир жолду куруу иштерине кызыкдар мамлекеттер гана эмес, ЕАЭБдин структуралары, анын ичинде банк жана башка өнүктүрүү институттары да катышуусу керек деп эсептейт.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу ЕАЭБде жаңы рынокторду ачат. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министри Санжар Мукамбетов билдирди.

4-декабрда Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан уюштурулган биринчи Евразия конгресси өттү.

Форумдун алкагында министр Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргызстандын ЕАЭБдеги артыкчылыктарын айтып берди.

"Биз ЕАЭБдин түштүк чек арасында жайгашканбыз. Кыргызстан аркылуу Кытай, Индия жана Пакистанга жол ачылат. Тилекке каршы, бул ири рыноктор Кыргызстан тарабынан колдонулбай жатат. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу курулса ЕАЭБге көп пайда алып келмек", — деди Мукамбетов.

Анын айтымында, бул ири долбоор көп жылдардан бери ишке ашпай келе жатат.

Темир жол куруу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россия Кыргызстан катышкан темир жол долбооруна кызыгып, диалог курууда
"Кыймыл бар. Жолдун узундугу, казылуучу тоннелдердин саны, калктуу конуштарды аралап өтүүчү участоктор талкууланып жатат. Бирок бул маселеде саясий чечим талап кылынат. Ошондой эле бул долбоорго кызыкдар мамлекеттер гана эмес, ЕАЭБдин структуралары, анын ичинде банк жана башка өнүктүрүү институттары да катышуусу керек", — деди министр.

Кытай менен байланыштыра турган аталган темир жол долбоору 20 жылга чукул убакыттан бери талкууланып келе жатат. Маршруттун бир нече варианттары каралган. Алардын ичинен Кытайдан Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу Түркмөнстанга өтүп, андан ары Иранга чыгуу да пландалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0