00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
День труда - 2026: кто такой «трудящийся» и почему зумеры не задерживаются на месте
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кызматкердин укугу — биринчи орунда: бүгүнкү күндө кесиптик бирликтердин ролу кандай?
09:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
3 мин
Тема дня
Без суда и следствия: в Кыргызстане реформируют институт медиации
10:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
"Түндүк" жаңырды: кыргызстандыктар үчүн кайсы жаңы кызматтар жеткиликтүү болду
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Устал отдыхать: психолог - о том, почему длинные выходные не восстанавливают
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Кыргызстан шарп ылаңына каршы Россиядан 4,5 миллион доза вакцина алатКыргыз-кытай чек арасы эки күнгө жабылатЖапаров учкучсуз учуучу аппараттарды чыгарууну тапшырдыПрезидент Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга жана "Дастан" ААКнын жетекчилигине ата мекендик учкучсуз учуучу аппараттарды чыгарууну тапшырды. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, бүгүн өлкө башчы ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышкан. Заводдун негизги багыттарынын бири — деңиз торпедалык куралдарын даярдоо. Президент аны мындан ары өнүктүрүү жана модернизациялоо маселелерин талкуулаган. "Бул тапшырма өлкөнүн коргонуу-өнөр жай потенциалын чыңдоого, жогорку технологиялык тармактарды өнүктүрүүгө жана импорттук продукцияга көз карандылыкты азайтууга багытталган", — деп айтылат маалыматта. "Дастан" ААКсы электрондук, медициналык жана башка өнөр жай продукцияларын иштеп чыгууну жана өндүрүүнү жүзөгө ашырган көп тармактуу ишкана болуп саналат.
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин жетекчилиги астында Аялдардын, балдардын укуктарын коргоо жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин жаңыланган курамынын алгачкы жыйыны өттү. Парламенттен билдиришкендей, жыйынга депутаттар, министрлер кабинетинин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле аталган багытта иш алып барган адистер катышты. Марлен Маматалиев Кыргызстан 2025-жылдагы шайлоонун жыйынтыгы менен парламенттеги аялдардын өкүлчүлүгүн жогорулатуу боюнча дүйнөдөгү эң чоң прогрессти көрсөткөн өлкө катары таанылганын белгиледи. Учурда Жогорку Кеңеште 31 айым депутат бар. Жыйында мамлекет башчысынын тең укуктуулукту камсыз кылуу багытындагы ырааттуу саясатынын натыйжалары айтылды. Мамлекеттик органдардагы жетекчилик кызматтарда аялдардын үлүшүн 2030-жылга чейин 30%га жеткирүү талабы коюлган.
Айыл чарба министрлиги Россиядан шарп ылаңына каршы 4,5 миллион доза вакцина сатып алат. Минкабдын маалымат кызматынан билдиргендей, 1 миллион доза вакцина жакын арада алып келинет. Маалымдалгандай, айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Владимир шаарына болгон иш сапарынын алкагында Жаныбарларды коргоо боюнча россиялык илим-изилдөө институту менен келишим түзгөн. Мал-жанды эмдөөгө 3,5 миллион доза вакцинаны күзгө чейин алып келүү пландалууда. Иш сапардын жүрүшүндө кыргыз делегациясы институттун ишмердүүлүгү, илимий-өндүрүштүк базалары, вакциналарды жана ветеринардык препараттарды өндүрүү боюнча заманбап технологиялары менен таанышты.
Бишкек шаарынан "Манас" эл аралык аба майданына кеткен жолго жалюзи тибиндеги тосмо орнотуларын муниципалитеттен кабарлашты.Бул боюнча атайын тендер жарыяланып, 391,6 миллион сом сарптоо пландалууда. Иштер ШКУнун жыйыны жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү иштеринин алкагында жүргүзүлмөкчү. Карта болжолдуу болуп, тилкенин узундугу 4,5 чакырымдан ашат. Бул тилке Бишкектеги Рыскулов көчөсүнөн баштап, Достук айылына чейин созулат.
Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы эки күнгө убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, чек ара Кытай тараптын демилгеси менен коңшу өлкөдө “Цинмин” күнүн белгилөөгө байланыштуу жабылат. Мындан улам кыргыз-кытай тилкесиндеги “Торугарт” жана “Эркечтам“ өткөрмө пункттары 4-апрелде саат 20:00дөн баштап убактылуу иштебейт. Алардын иши 6-апрелде кайра жанданат.
Жаңылыктар түрмөгү
0