Акча алмаштыруу жайларын жабууну сунуштаган депутат сынга жооп берди

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Гульшат Асылбаева
Депутат Гульшат Асылбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Демилгечи депутат валюта менен иштеген бюролорду жабууну эмес, кызматташуунун башка жолун сунуштап жатканын айтты.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Акча алмаштыруу жайларын жабуу тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыккан Гүлшат Асылбаева анын тегерегинде айтылып жаткан талкуулар боюнча түшүндүрмө берди.

Ал бүгүн парламенттин жыйынында сөз сүйлөп, валюта менен иштеген бюролорду жабууну эмес, кызматташуунун башка жолун сунуштап жатканын айтты.

"Мыйзам долбоорунда акча алмаштыруу жайларын жабуу маселеси коюлган эмес, аларга мамлекет менен кызматташуунун башка формасы сунушталган. Ошондой эле Улуттук банк тарабынан акча алмаштыруу жайларынын институту сыяктуу адистештирилген финансы мекемесин ачуу варианты сунушталды. Аны негиздөөнүн максаты акча алмаштырууда калкка ишенимдүү шарттарды түзүү болду. Акча алмаштыруу жайларынын ассоциациясы менен жолугуп консенсуска келип, альтернативдүү чечим кабыл алдык. Бул мыйзам 2021-жылдын январь айынан тарта күчүнө кирет. Ага чейин мамлекет менен кызматташууну ойлонуп көрүшөт. Андай болсо юридикалык каттоодон өтүп, кызматкерлери менен эмгек келишимин түзөт. Бул кийин алардын мамлекеттен соцпакет алуусун шарттайт. Ошондой эле Нарында арзан, Бишкекте кымбат боло тургандай кылып патенттин баасын дагы өзгөртүш керек", — деди Асылбаева.

Мындан сырткары. ал акча алмаштыруу жайлары салыктан буйтап, бюджетке тиешелүү сумманы төлөбөй жатканын жүйө келтирди.

"Бюролордон жылына 100 миллион сом, анын 10 миллиону киреше салыгынан түшө турганы айтылат. Бирок расмий цифралар үч эсе аз экенин белгилеп кетейин. Алардан жылына бюджетке болгону 37 миллион сом келип түшөт, киреше салыгы тууралуу маалымат жок. Акча алмаштыруу жайларынын акча жүгүртүүсү 733 миллиард сомду түзөт. Алар айына бир патентти 1000 сомдон 10 миң сомго чейин алат. Эгер бюролор жүгүртүүсүнүн бир пайызын гана төлөгөндө, 7 миллиард сом салык түшмөк. Мындай акча жүгүртүү менен төлөнгөн салыктар ченемдүү эмес деп эсептейм. Андыктан акча алмаштыруу жайларын бюджеттин, элдин алдында социалдык жоопкерчиликти алууга чакырам", — деп кайрылды Асылбаева.

Деятельность Нацбанка КР - Sputnik Кыргызстан
Акча алмаштыруу жайларын жабуу мыйзамы боюнча Улуттук банк комментарий берди
Ошондой эле депутат 2019-жылы бюролорго 294 эскертүү берилгенин, текшерүүгө алынган жайлардын 75 пайызында мыйзам бузуу катталганын кошумчалады.

Мыйзамды демилгелеген депутаттар менчик бюролор операциялар тууралуу маалыматты жашырып, валюта курсун негизсиз жогорулатып, мындай аракети менен сомдун кунун кетирет деген жүйө келтирген. Акча алмаштыруу операцияларын банктар, кредиттик союздар, чакан финансылык жана кредиттик компаниялар гана жүргүзүшүн сунуштаган. Аталган документ учурда парламенттин кароосунда турат.

Өз кезегинде "Альянс" акча алмаштыруу жайлары ассоциациясы муну четке кагып, эгер алар ишин токтотсо банктар валютаны монополия кылып, курстун кымбатташын шарттай турганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0