Медициналык бет кап ташыгандар кошумча нарк салыгынан бошотулду

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүБет кап чыгаруу. Архив
Бет кап чыгаруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башынан бери дүйнө жүзүнө тараган коронавирустан улам Кыргызстанда маска тартыштыгы жаралып, баасы да көтөрүлгөн. Себеби айрым өлкөлөр экспортту токтоткон болчу.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Кыргызстандын аймагына бет капты жеткирүүдө жана импорттоодо кошумча нарк салыгы алынбайт. Бул туурасында өкмөттөн билдиришти.

Чечим калкты медициналык багыттагы буюмдар менен камсыз кылуу максатында кабыл алынып, ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тарабынан кол коюлган.

Сезон свадеб в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустан улам бүгүн кандай чектөөлөр кирди. Тизме
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун калк үчүн жаңы коронавирус инфекциясынын (2019-nCoV) жайылышына байланыштуу негизги сунуштарынын бири милдеттүү түрдө медициналык бет кап тагынуу болуп саналат.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери коронавирус дүйнө жүзүнө тарап, мындан улам Кыргызстанда маска тартыштыгы жаралып, баасы да көтөрүлгөн. Себеби айрым өлкөлөр экспортту токтоткон болчу.  Жакын арада атамекендик маскалардын жарыкка чыгышы күтүлүүдө.

Ал арада ракка чалдыккан аялдар бет кап тигүүгө буйрутма алышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0