Айыл чарба министри быйыл картошканы азайтып, башка өсүмдүк эгүүнү сунуштады

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаместитель министра сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Эркинбек Чодуев
Заместитель министра сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Эркинбек Чодуев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары жазгы талаа иштерине кам көрүү боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кыргызстанда жасмык жана соя эгүү үчүн айдоо жерлери кеңейтилүүдө. Бул туурасында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев жазгы талаа иштери боюнча парламентке маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтымында, министрлик өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү жана райондук администрациялар менен биргеликте 2020-жыл үчүн сунушталган өсүмдүктөрдүн айдоо аянттарынын структурасын тактаган.

"Аймактар боюнча негиздемени эске алып, дыйкандарга буудай, жүгөрү, пахта, тамеки, төө буурчак, жашылча-жемиштерди жана көп жылдык чөптөрдүн аянтын көбөйтүүнү сунуштадык. Ошону менен бирге быйыл кант кызылчасы менен картошканы азайтуу күтүлүүдө. Андан сырткары, биз кирешелүү жасмык (чечевица), соя сыяктуу өсүмдүктөрдү көбүрөөк эгүү жана кийин дыйкандардан сатып алуу боюнча атайын иш-чараларды жүргүзүп жатабыз", — деди Чодуев.

Ошондой эле ал Айыл чарба министрлиги учурда жазгы талаа иштерине толугу менен даяр экенин жана иштер план боюнча аткарылып жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0