БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Коронавирус пайда болгондон бери алгачкы жолу Кытайдын чыгышындагы Цзиньхуа шаарынан Борбордук Азияга товар жүктөгөн поезд жолго чыкты. Бул тууралуу "Синьхуа" маалымат агенттиги жазды.
Иу — Синьцзян — Европа каттамы менен жүргөн поезд 14-февраль күнү Иу шаарынан чыгып, Испаниянын Мадрид шаарына барып токтошу керек.
Поездге чиркелген 82 контейнерде темир шаймандар, автоунаанын тетиктери жана текстилдик товарлар бар. Алардын айрымдарын Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Борбор Азиянын башка мамлекеттерине таштай кетишет.
Коронавирус тууралуу
Кыргыз-кытай чек арасы жабылып, эч бир товар өткөрүлбөй турган. Мындан улам коңшу өлкөдөн товар ташыган кыргызстандык ишкерлер сатарга эч нерсеси калбай баратканын айтып чыгышкан эле.
Акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда коронавирустан 1 770 киши көз жумду. Сакайып кеткендердин саны 10 844 болсо, ал эми жуктуруп алгандардын жалпы саны — 70 миң.