КРге үчүнчү өлкөлөрдөн кирген унаалар салыктан бошотулабы? Жаңы мыйзам долбоор

© AP Photo / Michael SohnАвтоунаалар. Архив
Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ведомствонун божомолунда бажы алымдарынын азыркы тарифине байланыштуу унаа рыногунун жаңыланышы төмөндөп, баалар өсүшү ыктымал.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Экономика министрлиги Кыргызстанга машина алып келген жеке жактарды кошумча нарк салыгынан убактылуу бошотуп турууну сунуштап жатат.

Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр өкмөттүн сайтына коомдук талкууга коюлду.

Министрлик 12 пайыздык кошумча нарк салыгын үч жылга чейин жокко чыгарып турууну көздөп жатат. Мыйзам долбоордун авторлору 2020-жылдын 1-январынан тарта ЕАЭБге кирбеген үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келген унаалардын жеңилдетилген тарифи жокко чыгарылганын белгилешкен.

Кыргызстанга сырттан келген унаалар кантип текшерилет? Видео - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга сырттан келген унаалар кантип текшерилет? Видео
Ведомствонун божомолунда бажы алымдарынын азыркы тарифине байланыштуу унаа рыногунун жаңыланышы төмөндөп, экологияга зыян тийгизбеген машиналар көп келбей, баалар өсүшү ыктымал.

Мисалы, Toyota Camry (2010-жылы чыккан, кыймылдаткычынын көлөмү 2400 куб.см.) үлгүсүндөгү авто бажы каттоосу менен эсептегенде 10 миң доллардай турат. Бирок жогорулатылган бажы тарифи менен салыктарды эсептегенде аталган автоунаанын базар баасы 21 миң 900 долларга чыгып кетери айтылды.

Адистердин пикиринде, азыркы жогорулатылган тариф күчүндө турган кезде унаалардын өлкөгө алып келиниши 2016 жана 2017-жылдардагы деңгээлге түшүп кетиши мүмкүн (136 эле унаа кирген).

Мыйзам долбоордун негиздемесинде эгер сунуш колдоо тапса жеке жактардын чыгымдары азаяры белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0