21:04 23 Чын Куран 2019
Түз эфир
  • USD69.7009
  • EUR78.4240
  • RUB1.0927
Тез жардам кызматы. Архив

"Коопсуз шаардан" түшкөн айып пулдун бир бөлүгү Тез жардам кызматына берилет

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
78 0 0

Мамлекеттик органдарга аталган маселени карап чыгуу тапшырмасы берилди.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Медициналык тез жардамдын материалдык-техникалык базасы "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында түшкөн айып пулдун эсебинен жакшыра турган болду. Мындай чечим өкмөттүн жыйынында кабыл алынганын анын маалымат кызматы билдирди.

Акча бөлүп берүү маселесин карап чыгуу тапшырмасы Финансы жана Саламаттык сактоо министрликтерине, ошондой эле Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети менен шаар мэриясына берилди.

Бул органдар эки жуманын ичинде өкмөттүн аппаратына сунуш киргизиши керек.

Өкмөт айып пул төлөөдөн түшкөн каражат кандайча бөлүнөрүн чечип койгон. Алгач Финансы министрлиги акчаны Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетине бөлөт. Ал өз кезегинде подрядчы жана техникалык оператор менен эсептешет. Ошондой эле акча Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына жөнөтүлүп, ал почта кызматын төлөйт. Жол эрежесин бузган айдоочуга жеткирилген ар бир айып кат үчүн "Кыргыз почтасы" 16 сомдон алат.

Айып акчаны терминалдан кантип төлөө керектигин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган видеонускамадан көрүүгө болот.

Тема боюнча

Айып пулду терминалдан кантип төлөө керек. Видеонускама
Белгилер:
жол эрежеси, Коопсуз шаар, тез жардам, айып пул

ЭҢ МААНИЛҮҮ