Сокулукка Кытай грантынын эсебинен ветеринардык лаборатория курулат

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүЛаборатория. Архив
Лаборатория. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда курулушка жер бөлүп берүү маселесин Жогорку Кеңештин депутаттары талкуулап жатат.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районундагы Ат-Башы айыл өкмөтүнө караштуу 3 гектар жерге заманбап ветеринардык лаборатория Кытайдын берген 20 миллион долларына курулат. Ал мамлекеттик болорун Жогорку Кеңештин жыйынында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Бүгүн парламентте "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралууда. Ал экинчи окууга киргизилет.

Кыргызстанга коркунучтуу делген инфекцияларды жеринен текшерген микробиологиялык мобилдик лаборатория берилди - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга кооптуу инфекцияларды аныктаган мобилдик лаборатория берилди
Керималиев ошондой эле заманбап лабораториянын ичинде ветеринардык, фитосанитардык, биологиялык жана агрардык топурак лабораториялар болорун кошумчалады. Андан сырткары, Кыргызстанга 20 миллион доллар грант берүү маселеси ШКУнун Ташкент шаарында өткөн саммитинде Кытай мамлекетинин жетекчилиги тарабынан сунушталган.

Ветеринария жана фитосанитардык инспекциянын жетекчисинин орун басары учурда Кыргызстан боюнча 19 ветеринардык лаборатория бар экенин белгиледи. Анын айтымында, экөө улуттук болуп эсептелип, Евробиримдиктин талаптарына шайкеш келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0