Айнек, цемент, мазут... Бул Чүй облусунда өндүрүлгөн нерселердин чети гана

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүАйнек заводу. Архив
Айнек заводу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Аймактарды өнүктүрүү жылына карата облустарда эмнелер өндүрүлүп, кайсы рынок эмне продукция менен камсыздалып жаткандыгын тизмектөөнү улантат. Бул жолу республиканын экономикасында алдыңкы орунду ээлеген Чүй облусу жөнүндө сөз болот.

Облуста сегиз район (Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук, Аламүдүн, Чүй, Ысык-Ата, Кемин), беш шаар (Кара-Балта, Кайыңды, Токмок, Кант, Кемин) бар. Жалпы облус аймагында 950 миңге чукул адам жашап, төрт миңге жакын орто, чакан жана ири ишканалар өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт.

Цемент, шифер…

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүКурулуш материалын чыгарган ишканалар негизинен өлкөнүн ички рыногун камсыздайт
ОАО Теплоозерский цементный завод в поселке Теплоозерск под Биробиджаном - Sputnik Кыргызстан
Курулуш материалын чыгарган ишканалар негизинен өлкөнүн ички рыногун камсыздайт

Кант шаарындагы эки ишкана жылына 1 миллиард 290 миллион тоннага жакын цемент, 233 миң тоннадан ашык шифер өндүрүп, 26 миң тоннадай түтүк чыгарат. Курулуш материалдарынын басымдуу бөлүгү өлкөнүн ички базарына сатылат. Аталган заводдордо жалпысынан 1000дей жумушчу иштейт.

Газ, бензин, мазут…

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүНефтини кайра иштеткен төрт ири завод күйүүчү жана майлоочу майдын түрүн чыгарат
Московский нефтеперерабатывающий завод (НПЗ) - Sputnik Кыргызстан
Нефтини кайра иштеткен төрт ири завод күйүүчү жана майлоочу майдын түрүн чыгарат

Облустун аймагында нефтини кайра иштеткен төрт ири завод бар. Алардын бири жылына 800 миң тоннадай нефтини иштетип, 850 адамды жумуш менен камсыздайт. Ал эми экинчи завод 12 айда 224 миллион куб газ чыгарууга жетишкен. Ал ишканалар жалпы мазут, күйүүчү жана майлоочу майдын түрүн сатат.

Баалуу металлдар

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүЧүйдөгү рудаларды иштеткен ишканалар аймактагы компаниялар менен иштешет
Д.Медведев в рамках рабочей поездки в ДФО посетил Благовещенск - Sputnik Кыргызстан
Чүйдөгү рудаларды иштеткен ишканалар аймактагы компаниялар менен иштешет

Чүйдө кен байлыктарды иштеткен ири өндүрүш жайлар да жок эмес. Мисалга, облус аймагындагы бир эле ишкана суткасына 2500 тоннага чейин руданы иштетип, алтын өңдүү баалуу металлдарды чыгарат. Ал жакта миңге чукул жумушчу иштейт.

Айнек, күзгү

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүТокмоктогу завод айнектерди Россия, Казакстанга экспорттойт
Открытие заводов на территории ОЭЗ Алабуга в Елабуге - Sputnik Кыргызстан
Токмоктогу завод айнектерди Россия, Казакстанга экспорттойт

Токмок шаарындагы айнек чыгарган жеке ишкана жылына 1,5 миллиард сомго чейин айнек, күзгү өндүрөт. Даяр продукция өлкөнүн ичиндеги жана Россия, Казакстандагы базарларга сатылат.

Сүт азыктары

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүСүт азыктарын кайра иштеткен ишкана жергиликтүү малчылар менен тыгыз иштешет
Производство молочных продуктов в Иванове - Sputnik Кыргызстан
Сүт азыктарын кайра иштеткен ишкана жергиликтүү малчылар менен тыгыз иштешет

Облус аймагында сүт азыктарын кайра иштеткен бир топ ишкана бар. Алар балмуздактан тарта сыр, сары майга чейин чыгарып, учурда КМШ өлкөлөрүнө экспортко чыгуу аракети көрүлүүдө. Алардын айрымдары бир жылда бир миллиард сомго чейинки көлөмдөгү продукцияны өндүрөт.

Жеңил өнөр жай

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүОблус аймагындагы 12 өндүрүш мекемеси жеңил өнөр жайды жакшы колго алган
Завод по изготовлению текстиля в южном пригороде Дамаска - Sputnik Кыргызстан
Облус аймагындагы 12 өндүрүш мекемеси жеңил өнөр жайды жакшы колго алган

Сары-Өзөн өрөөнүндө койдун жүнүн, кездемелерди иштеткен 12 өндүрүш мекеме өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Ишкерлер жиптен баштап кесиптик кийим-кече, матрас, төшөнчү, жаздыкка чейин даярдайт. Ишканалардын айрымдары продукцияны коңшу өлкөлөргө экспорттоп келет.

Айыл чарба продукциялары

© Sputnik / Табылды КадырбековИшканалар чийки затты негизинен жергиликтүү дыйкандардан алат
Сельское хозяйство в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Ишканалар чийки затты негизинен жергиликтүү дыйкандардан алат

Мөмө, жер-жемиш, дан азыктарынан баштап ун, кесме, нан, шире, шарап, спирт ичимдиктеринин түрүн чыгарган 15ке жакын өндүрүш ийгиликтүү иштейт. Түрдүү көлөмдөгү ишканалардын ичинде кээ бир ишкана продукциянын бир нече түрүн кардарларга сунуштай алат.

Тонналаган эт

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖергиликтүү ишкерлер колбасадан баштап чүчвара, мантыга чейин жасайт
Контроль качества мяса на Центральном рынке Новосибирска - Sputnik Кыргызстан
Жергиликтүү ишкерлер колбасадан баштап чүчвара, мантыга чейин жасайт

Чүйдө малдын, тооктун этин кайра иштеткен төрт ишкана бар. Ишкерлер колбасадан тарта чүчварага чейин даярдашат. Алардын ичинде айына 15-17 тоннага чейин түрдүү эт азыктарын чыгаргандар бар.

Ошондой эле облус аймагында идиш-аяк, минералдык суу, кондитердик азыктарды жана кир жуучу каражаттар менен керектөөчүлөрдү камсыздаган өндүрүш жайлар да жок эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0