Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 24 млн. доллар бөлөт. Акча кайда жумшалат

© AFP / ADEK BERRYАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келишим ноябрдын аягында Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланган.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы финансылоо келишимин ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Экономикалык башкаруу багытында өнүктүрүү саясатын каржылоо" келишимине 14-ноябрда Бишкекте кол коюлуп, эки жумадан кийин Жогорку Кеңеш ратификациялаган.

"Кыргызстан 24 миллион долларлык жардам алат. Бул каражаттын жарымы — насыя, калганы — грант. Финансы республикалык бюджетти колдоого багытталган", — деп айтылат маалыматта.

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Дүйнөлүк банктын тобуна кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0