БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. "Альфа Телеком" жоопкерчилиги чектелген коомун сатып алууга дагы бир компаниядан сунуш түшкөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун маалымат кызматынан кабарлашты.
Мамлекеттик мүлк фондусу берген маалыматка караганда, учурда дагы бир ишкана, тагыраагы швейцариялык ALF Consulting SA компаниясы "Альфа Телеком" жоопкерчилиги чектелген коомунун 100 пайыз акциясын сатып алуу сунушун бергенин маалымдады.
"Аталган компаниянын жетекчиси Мария Германдже тарабынан сунуш түштү. "Альфа Телеком" менчиктештирүүгө бериле турган объект болгондуктан фонд тарабынан баалоо кызматына тендер жарыяланды", — деп Мүлк фондусунан кабарлашты.
Кийинки аукцион декабрга пландалып, уюлдук оператор 14 миллиард 255 миллион 250 миң сом деп бааланган. Ал аукцион да ишке ашпай калган.
2017-жылдын июнь айына кезектеги аукцион белгиленип, компаниянын баштапкы баасы 13,5 миллиард сом деп бааланган. Бирок аукционго катышуу үчүн бир дагы арыз түшкөн эмес.
Ал эми сентябрдын аягында аталган уюлдук компанияны сатып алуу ниетин РФ жараны Елена Нагорная билдирген. Россиялык ишкер айымдын койгон талаптары эрежелерге туура келбегендиктен ага да сатылбай калган.
Буга чейин "Альфа Телекомду" сатып алууга сунушун берген "АКА Инвест" кен казуудан заматта IT тармагына секирип кеткени аныкталып, коомчулукта талкуу жараткан болчу.