Маммүлк MegaCom Нагорнаяга эмне үчүн сатылбай калганын түшүндүрдү

Жазылуу
Россиялык ишкер Елена Нагорная "Альфа Телекомду" сатып алуу ниетин билдирген болчу

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Россиялык ишкер Елена Нагорнаяга "Альфа Телеком" ЖАКы (MegaCom соода маркасы) эмне себептен сатылбай калганын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун жетекчиси Болсунбек Казаков Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

Белгилей кетсек, буга чейин Нагорнаяга "Альфа Телекомдун" 100 пайыз акциясын сатуу боюнча сүйлөшүүлөр токтотулганы маалым болгон.

Казаковдун айтымында, Нагорнаянын компаниясы Кыргызстан тараптан коюлган шарттарды аткарган эмес.

"Алар финансылык, юридикалык маселелерди карап таанышып чыккандан кийин бизге компанияны азыртан тарта башкарып андан кийин сатып алуу сунушун киргизишти. Биздин мыйзамда андай ыкма жок. Жарыя кылган талапка ылайык, түз келишим түзүлүшү керек болчу. Андыктан биздин шарттарга туура келбегендиктен сүйлөшүүлөрдү расмий түрдө токтоттук", — деди Казаков.

Ал ошондой эле "Альфа Телеком" ЖАКтын акциясын сатуу боюнча аракеттер уланарын, кийинки жолу качан аукционго коюлары өкмөт менен макулдашылып, бардык кадамдар иликтенгенден кийин белгилүү болорун кошумчалады.

"Биз бардыгын мыйзам чегинде аткарып жатабыз. Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн компанияны сатуу боюнча чечими бар. Сатуу шарттарын карап, улам жаңы ыкманы колдонуп жатабыз. Бул жаатта иш улана берет", — деди ал.

Казаков ошондой эле бул жерде жумурткадан кыр издөөнүн кажети жоктугун, уюлдук компания акционери алмашабы-алмашпайбы иштеп, кызматын көрсөтө берерин айтты.

Урайын деп калган бул имараттар Кристалл ачык акционердик коомуна таандык - Sputnik Кыргызстан
Өзү калып, өзөгү жоголгон "Кристалл" заводу экологиялык бүлгүн салбайбы
100 пайыз акциясы мамлекетке тиешелүү болгон уюлдук оператор аукционго 2016-жылы февралда 19 миллиард сомдук баа менен коюлуп, бирок сатылбай калган. Кайра май айында аукционго уюштурулуп, арыз келип түшпөгөндүктөн кийинкиге калган. Анын айынан ошол убакта Мамлекеттик мүлк фондун башкарып жаткан Алмаз Кадыркулов кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Кийинки аукцион декабрга пландалып, уюлдук оператордун баасы 14 миллиард 255 миллион 250 миң сом деп бааланган. Ал аукцион да ишке ашпай калган.

2017-жылдын июнь айына кезектеги аукцион белгиленип, компаниянын баштапкы баасы 13,5 миллиард сом деп бааланган. Бирок аукционго катышуу үчүн бир дагы арыз түшкөн эмес.

Ал эми сентябрдын аягында аталган уюлдук компанияны РФ жараны Елена Нагорная сатып алуу ниетин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0