11:46 22 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.5323
  • RUB1.0863
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
81701

Бишкек ТЭЦиндеги авариядан кийин өкмөт башчы Сапар Исаков энергетикага тарифти көтөрүү зарылдыгы бар экенин айткан

Буга энергетика тармагынын чыгашасын кирешеси жаба албай, электр энергиясын таратуучу компаниялардын миллиарддаган карызга батып отурганы себеп болууда. Исаков береселер мындан ары дагы өсө турган болсо, трансформаторлор бузулуп, көйгөйлөр курчуй турганын айтууда

Кыргызстанда элге электр энергиясын жеткирип берип турган төрт мамлекеттик компания бар. Алар: "Түндүкэлектр", "Чыгышэлектр", "Ош электр" жана "Жалал-Абад электр". Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, булар жергиликтүү ишканаларга акыркы беш жыл ичинде 100 миллиард сомдой акча карыз болгон.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги тиешелүү адистерге кайрылып, электр энергиясына жана жылуулукка тарифтерди көтөрүүнүн канчалык зарылдыгы бар экенин билип көрдү.

Тарифтерди эмне үчүн көтөрүү керек?

Энергетика экономикалык тармак экенин, анын кирешеси чыгашасынан аз да болсо жогору турушу керектигин экономика илимдеринин доктору, профессор Батыркул Баетов айтат.

"Экономикалык мыйзамдарга ылайык, ишкананын жок дегенде 15 пайыз кирешеси болбосо, ал өлөт. Ал эми биздин энергетика тармагыбыз жалаң чыгымдын үстүндө келе жатат. Анткени жылуулук өз наркынан — 2,5 эсе, электр энергиясы — 1,5 эсе арзан сатылууда. Ортодогу айырма акча кайдан алынышы керек?" — деп суроо койду Баетов.

Анын айтымында, энергетика жана гидрокурулуш тармагы 23 миңге чукул жаранды иш менен камсыз кылат. Булардын маянасынан тышкары, тармакты ишке жарамдуу кылып кармап туруу үчүн көп каражат талап кылынат.

Ал эми "Улуттук электр тармактары" компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы Бекбо Маматбеков азыркы учурда ТЭЦ жана ГЭСтердеги жабдуулардын эскилиги жетип турганын, аларды жаңыртууга оңбогондой каражат керектигин айтат.

"Бизде жабдуулардын 50 пайызы эскирди. Норма боюнча 25 пайыз техника эскиргенде кризистик кырдаал болуп саналат. Бишкек ТЭЦинде 1965-жылы чыгарылган насостор иштеп жатат. Токтогул ГЭСиндеги агрегаттар 1960-70-жылдарга таандык. Мындай шартта эми дагы авария болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт", — деди ал.

Ошондой эле Маматбеков электр энергиясын чыгарууга керектелген каражаттын баасы жылдан-жылга өсүп баратканына токтолду.

"1990-жылдары газдын миң куб метри 50 доллар болсо, азыркы күндө 250 доллардан ашты. Көмүрдүн баасы дагы жыл санап өсүп баратат. А биз тарифтерди ошол бойдон кармап келе жатабыз. Анан, албетте, жаңы жабдуу алып, оңдоо иштерин жасоого чет өлкөлөрдөн карыз алабыз да. Эч бир киреше болбой, тескерисинче, чыгым менен келе жаткан тармак карызынан кантип кутулат? Ошондуктан тарифтерди көтөрүү тууралуу маселени түшүнүү менен кабыл алышыбыз керек", — деди Маматбеков.

Тафиртерди эмне себептен көтөрбөш керек?

Бааны көтөрүүнүн эч зарылдыгы жок деген оюн "Түндүк электр" ишканасынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Сапар Аргынбаев билдирди.

"Улам бир авария болгон сайын тарифти көтөрөбүз дей берүү туура эмес. Андан көрө мамлекеттик ишканаларга атаандаш болуп, кирешесин талашып жаткан жеке компанияларды азайтышыбыз керек. Мисалы, азыр Кыргызстанда электр энергиясын таратуучу төрт мамлекеттик, 16 жеке компания бар. "Түндүк электр" ишканасы 1 миллион киловатты 5 миң эсептегич менен таратып жатса, жеке компаниялар ири кардарды алат да, ошондой эле өлчөмдөгү энергияны бир эсептегич менен сатат. Жеке компаниялар Ош жана Бишкек шаарындагы жарыкты көп колдонгон майлуу-сүттүү абоненттерди гана алууга аракет кылышат. Ошентип мамлекеттик компаниялар акчасы жок отурат", — деди Аргынбаев.

Тарифти көтөрсө эле көйгөй чечилип калбайт деген пикирди мурдагы Кыргыз мамлекеттик энергокомпаниянын президенти Жамалбек Түлөбердиев дагы карманат.

Анын айтымында, энергетика көйгөйүн "Камбар-Ата-1" ГЭСин ишке киргизүү менен чечсе болот.

"Мындан 21 жыл мурда курула баштаган "Камбар-Ата-1" ГЭСин орто жерден таштап койдук. Ошондон бери бир дагы жаңы объект ишке кире элек. Аталган ГЭСтин кубаттуулугу 1 860 мегаватт болуп, Токтогул ГЭСинен 1,5 эсеге ашмак. Мындай шартта Кыргызстанда электр энергиясы эң кымбат дегенде 40 тыйындан болмок", — деlb Түлөбердиев.

Анын пикири боюнча бул тармактагы негизги көйгөй энергиянын же каражаттын тартыштыгы эмес, ишти уюштура билген профессионалдар жоктугунда болуп жатат.

Тарифти канча пайызга көтөрүүгө болот?

Профессор Батыркул Баетовдин пикиринде беш жыл аралыгында тарифтерди акырындык менен көтөрүп отуруп, электр энергиясыныкын 20 пайызга, жылуулуктукун 25 пайызга кымбаттатса болот.

"Мамлекет төрт жыл мурда орточо тариф саясатын иштеп чыгып, 2017-жылга чейин тарифти 20 пайызга көтөрөбүз деп чечим кабыл алган. Бирок ошол аралыкта 10 гана пайызга жогорулата алды. Эми келерки төрт жылдыкта 20 пайыздык планды ишке ашыруу зарыл. Бул калктын чөнтөгүнө каттуу зыян келтирбейт. Бирок энерготармакты бутуна тургузуп коет", — деди Баетов.

Ал эми энергетика боюнча адис Бекбо Маматбеков алгач 10 пайызга көтөрүү жетиштүү деп эсептейт.

Сурамжылоо

Электр энергиясы менен жылуулуктун кымбатташына кандай карайсыз?
  • Каршымын, айлыгым ансыз да эч нерсеге жетпейт
    80.6% (83)
  • Макулмун, энергетика тармагы модернизацияга муктаж
    16.5% (17)
  • Мага бары бир, жарык менен жылуулук өчпөсө болду
    2.9% (3)
Добуш бергендер: 3
"ТЭЦте бир гигакалорий жылуулук өндүрүп чыгуунун наркы 876 сом болсо, аны элге 395 сомдон сатып жатышат. Станциядан чыккан электр энергиясынын өз баасы 2 сом 70 тыйындан болуп жатса, аны 77 тыйындан беришүүдө. Мунун айынын энергосектордо 2015-жылы 7 миллиард, 2016-жылы 5 миллиард сомго жакын тартыштык болгон", — деди Маматбеков.

Бирок ал жарык менен жылуулук кымбаттай турган болсо, калктын аялуу катмарына мамлекет жеңилдик бериши керектигин кошумчалады.

"Калкка абалды туура түшүндүрүү керек. Эгертосекторду азыр кармап калбасак, мындай абалы менен жок болуп кетет. Жошоо-тумушу оор адамдарга жеңилдик берилсин. Бирок жалпысынан 10 пайыздык кымбаттоого элдин алы жетет. Биз чакан илдиктөө жүргүздүк. Кыргызстанда орто эсеп менен 1 миллиондон ашуун унаа бар экен. Бензиндин баасын 40 сомдон күнүнө 5 литрден кетирет деп эсептесек, жылына 70 миллиард сом унаага эле коройт экен. Буга техникалык тейлөөлөрдүн чыгымы кошулган жок. Уюлдук телефондордун чыгымы 30 миллиард сомдун тегереги болуп кетти. Ал эми энергетиканын чыгымдары 22 гана миллиард сомго жетип жатат", — деди адис.

Эске салсак, ушул тапта калк электр энергиясы үчүн 700 кВт саатка чейин 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 16 тыйындан төлөйт. Ал эми тоолуу аймактын тургундары 1000 кВт саатка чейин 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 16 тыйындан беришет. Жылуулук үчүн бир гигакалорийге 1134 сом 76 тыйындан төлөп келебиз.

Баса, Улуттук энергохолдинг ТЭЦтеги авариядан кийин электр тартыштыгы болбой турганын билдирген. Азыр кечки максимумга 150 мегаватт резерв энергия бар экени, коңшу өлкөлөрдөн жарык импорттоого зарылдык жок экени айтылган.

Тема боюнча

Депутат: Кыргызстандын энергетикасын мугалим менен тигүүчү башкарып жатат
Исаков: азыркы тарифтер менен алыска бара албайбыз
Белгилер:
адистер, энергетика, тариф, Сапар Исаков, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ