БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Толкунбек Абдыгулов ЕАЭБ менен Кытайдын өз ара кызматташуусу Кыргызстан үчүн эмне пайда алып келерин айтып берди.
Абдыгулов Вьетнам менен түзүлгөн макулдашууну эске салды. Документ аталган өлкө менен ЕАЭБ ортосундагы товар айланатуунун көлөмүн азыркы 4 миллиард доллардан 8-10 миллиардга чейин жогорулатууга жол ачат. Мындай макулдашууларды бир катар өлкө менен түзүү каралган.
Биринчи вице-премьер ЕАЭБдин Кытай менен түзө турган макулдашуусуна да токтолуп өтүү. Анын айтымында, мындай кадам соода-экономикалык кызматташуу менен аталган аймактагы интеграциялык процесстерди кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
"Документ тармактык кызматташуу, ички рынокту, интеллектуалдык менчикти коргоого тиешелүү болот", — деди Абдыгулов.
Ал Кыргызстан үчүн бул макулдашуунун пайдалуу экенин, анткени биргелешкен долбоорлордун алкагында тармактык кызматташууну кеңейтүүгө, тышкы соода механизмдерин ачык-айкын кармоого ыңгай түзөт. Абдыгулов бул өз кезегинде электрондук сооданын өнүгүшүн камсыздап, көйгөйлөрдү чогуу чечүүгө мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.