Азия өнүктүрүү банкы Токтогул ГЭСине 110 млн. доллар каражат бөлөт

Жазылуу
Улуттук энергохолдингдин маалыматы боюнча, Токтогул ГЭСинин үч фазасы үчүн баш-аягы 487 миллион доллар жумшалары белгилүү болду.

БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. Азия өнүктүрүү банкы Токтогул ГЭСинин 3-фазасы үчүн 110 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында жазылды.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеӊеште "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо, "Фаза-3" долбоорун каржылоо боюнча макулдашуу каралган.

"Аталган макулдашуунун жыйынтыгында Азия өнүктүрүү банкы 50 миллион доллар өлчөмүндөгү гранттык жана 60 миллион доллар өлчөмүндөгү насыялык каражат бөлдү. Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү үч фазадан турат. Ушу тапта анын 1- жана 2-фазасы Азия өнүктүрүү банкы менен Евразия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосунда ишке ашырылууда", — деп жазылат маалыматта.

Улуттук энергохолдингдин маалыматы боюнча, Токтогул ГЭСинин үч фазасы үчүн баш-аягы 487 миллион доллар жумшалары белгилүү болду.

Белгилей кетсек, Токтогул ГЭСи 1975-жылы пайдаланууга берилген. Кубаттуулугу — 1200 МВт.

Жаңылыктар түрмөгү
0