Сибирь округу КРде өндүрүлгөн сүт азыктары менен мөмө-жемиштерди сатып алууга даяр

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүМолочный комбинат в Омске
Молочный комбинат в Омске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган округ продукциялардын баасы менен сапаты талапка жооп берсе, ай сайын сатып алууларды жүргүзүүгө даяр.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Россиянын Сибирь федералдык округу Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияларды сатып алууга өтүнмө жиберди, Бул тууралуу Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Кыргызстандын жана Казакстандын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстандык 30га чукул компания Бишкектен өнөктөш издейт
Маалыматка ылайык, Сибирь федералдык округу Кыргызстанда чыгарылган сүт продукцияларын жана бадам, жер жаңгак өңдүү жемиштерди 60 тонна көлөмдө алууга даяр. Андан сырткары, мөмө-жемиштерден жасалган азык-түлүк продукцияларын дагы импорттоону көздөп жатышат.

Эгер аталган продукциялардын баасы менен сапаты талапка жооп берсе, Сибирь округу ай сайын сатып алып турууга даяр.

Учурда экономика министрлиги дыйкандар менен өндүрүүчүлөрдөн азык-түлүктөрдү чогултууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0