БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бишкекте 3-майда кыргыз-казак бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу КРдин Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.
Форумга Соода-өнөр жай палатасы жана Казакстандын KAZNEX INVEST мамлекеттик экспорт жана инвестиция агенттиги катышат.
"Анда Казакстандын тамак-аш өндүрүшү, курулуш материалдары, машина куруу, фармацевтика, метталлургия жана химиялык продукциялар көрсөтүлөт", — деп жазылат маалыматта.
Алдын ала маалымат боюнча бул күнү Казакстандан 28 компаниянын өкүлдөрү келет. Ал эми кыргыз тарап форумда Казакстан менен соода алакаларын өнүктүрүү боюнча пландарды алып чыгат.