ЕАЭБ, авиабаза жана карыздарды жоюу — Атамбаев менен Путиндин сүйлөшүүсү

© Sputnik / Табылды КадырбековОфициальный визит президента РФ В. Путина в Кыргызстан
Официальный визит президента РФ В. Путина в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин шейшешмби күнү "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жолугуп, сүйлөшүүдөн кийин журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүштү. Эки президент негизинен коопсуздук жана экономикалык маселелерди талкуулашты.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Шейшемби күнү "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Россия президенттери Алмазбек Атамбаев жана Владимир Путин жолугуп, андан соң маалымат жыйын өткөрүштү.

Россия Кыргызстандан чыккан товарга кызыкдар

РФ президенти Владимир Путин Россия Кыргызстан менен Тажикстандан чыккан товарга кызыкдар экенин билдирди. Анын айтымында, Россиянын мурунку мамилелеш өлкөлөрүнүн продукциясына караганда аталган эки мамлекеттен өндүрүлгөн товар арзан жана бир топ сапаттуу келет. Путин ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн экономикалары өнүгүү жолунда экенин айтып, биримдиктин ичиндеги пикир келишпестиктерге да токтолуп өттү.

"Ар бир мамлекет өзүнүн кызыкчылыгын биринчи орунга коеру маалым. Учурда Белоруссия менен түшүнбөстүктөр болуп жатат. Биз аларга Кыргызстанга караганда көбүрөөк жардам беребиз", — деди Путин.

Ал Кыргызстан менен Россия соода көлөмүнүн төмөндөшүн биргеликте чече турганын белгиледи. Путиндин айтымында, эки өлкө аталган көйгөйдү чечүү үчүн бир катар иш-чаралардын планын иштеп чыкмакчы. Ал эми Алмазбек Атамбаев жыл аягына чейин Кыргызстанга байланыштуу маселелердин баары чечилерине ишеним артты.

Владимир Путинди Манас аба бекетинен кучак гүл менен тосуп алышты - Sputnik Кыргызстан
Владимир Путинди "Манас" аба бекетинен кучак гүл менен тосуп алышты
"Кыргызстандын ЕАЭБге тең укуктуу мүчөсү болуп кошулушу боюнча маселелердин баары жыл соңуна чейин чечилерине үмүт артам. Дагы бир ирет көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирип кетким келет. Россия президентинин саясий эрки менен өнүктүрүү фонду түзүлдү. Ар кандай айың кепке карабай туура чечим кабыл алганыбызга ишенем", — деди Атамбаев.

Өлкө башчы март айынын башында Кыргызстанга ЕАЭБ мамлекеттеринин премьер-министрлери келерин белгиледи. Өз кезегинде Путин тоскоолдуктардын жоюлушу менен республика бир катар ийгиилктерге жетишкенин, ИДП менен өнөр жай өндүрүшү өскөнүн айтып өттү.

Кыргызстанга салынган инвестиция жана мамлекеттик карызды кечүү

Путин Россия 2030-жылга чейин Кыргызстандын газ, унаа тармагына 100 миллиард рубль сала турганын билдирди. Анын айтымында, натыйжада калктын газ менен камсыздалышы 22 пайыздан 60ка чейин жогорулайт. Былтыр Кыргызстанга миллион тоннадан ашуун нефть продукциясы алып келинген. Муну менен бирге Путин Россия республикага 225 миллион долларлык грант менен жардам бергенин жана мамлекеттик карызды кечкенин белгиледи.

"Мамлекеттик карызды акырындык менен кечебиз. Бул өлкөнүн финансылык системасына басымды азайтып, каражатты маанилүү программаларга жумшоого шарт түзүлөт", — деди Путин.

© Sputnik / Табылды КадырбековШейшемби күнү "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Россия президенттери Алмазбек Атамбаев жана Владимир Путин жолугушту.
Шейшемби күнү Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Россия президенттери Алмазбек Атамбаев жана Владимир Путин жолугуп, андан соң маалымат жыйын өткөрүштү. - Sputnik Кыргызстан
1/4
Шейшемби күнү "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Россия президенттери Алмазбек Атамбаев жана Владимир Путин жолугушту.
© Sputnik / Табылды КадырбековАндан соң маалымат жыйын өткөрүштү.
Андан соң маалымат жыйын өткөрүштү. - Sputnik Кыргызстан
2/4
Андан соң маалымат жыйын өткөрүштү.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭки президент негизинен коопсуздук жана экономикалык маселелерди талкуулашты.
Эки президент негизинен коопсуздук жана экономикалык маселелерди талкуулашты. - Sputnik Кыргызстан
3/4
Эки президент негизинен коопсуздук жана экономикалык маселелерди талкуулашты.
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан менен Россия президенттери Алмазбек Атамбаев жана Владимир Путин жолугушуудан кийин
Кыргызстан менен Россия президенттери Алмазбек Атамбаев жана Владимир Путин жолугушуудан кийин - Sputnik Кыргызстан
4/4
Кыргызстан менен Россия президенттери Алмазбек Атамбаев жана Владимир Путин жолугушуудан кийин
1/4
Шейшемби күнү "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Россия президенттери Алмазбек Атамбаев жана Владимир Путин жолугушту.
2/4
Андан соң маалымат жыйын өткөрүштү.
3/4
Эки президент негизинен коопсуздук жана экономикалык маселелерди талкуулашты.
4/4
Кыргызстан менен Россия президенттери Алмазбек Атамбаев жана Владимир Путин жолугушуудан кийин

Канттагы ЖККУ авиабазасынын тагдыры

Путиндин Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында 3 документке кол коюлду - Sputnik Кыргызстан
Путиндин Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында 3 документке кол коюлду
Президенттердин билдирүүсүнөн кийин журналисттер Канттагы ЖККУ авиабазасы тууралуу суроо беришти. Атамбаев жолугушууда бул тема талкууланбаганын, сөз кыргыз армиясын чыңдоо жана куралдандыруу маселесин жөнгө салуу тууралуу болгонун белгиледи. Путин аталган авиабаза Афганистан тараптан террор кооптуулугу күчөгөн мезгилде кыргыз бийлигинин сунушу менен түзүлгөнүн айтты.

"Ошол учурдагы бийлик башчылары өлкө аймагына аскер контингентин, биринчи кезекте авиация жайгаштырууну суранды. Кыргызстан аскердик кубатын тийиштүү деңгээлде чыңдап, авиабазага муктаждыгы жок экенин айткан күнү биз республикадан чыгып кетүүгө даярбыз. Биз үчүн бул авиабазанын зарылдыгы жок. Аны кармап туруу кошумча чыгым экенин эскерте кетким келет", — деди Путин.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы

Кыргыз делегациясы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанганын өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев айтты. Эки мамлекет Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусунун алкагында техникалык жардам көрсөтүү тууралуу макулдашууга киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырды.

"Биз бүгүн экономика, коопсуздук тууралуу баарлашып, дээрлик бардык маселе боюнча бир пикирге келдик. Эл аралык маселелер боюнча да көз караштарыбыз бирдей болуп чыкты", — деди Путин.

Официальный визит президента РФ В. Путина в Киргизию - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: жыл аягына чейин ЕАЭБдеги тоскоолдуктар алынат деп ишенем
Мындан тышкары, тараптар президенттердин билдирүүсү жана Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрилиги менен Федералдык кызматтын ортосунда жугуштуу оорулар менен күрөшүү боюнча түзүлгөн макулдашууга кол коюшту.

Муну менен бирге Россиянын Кыргызстанга чек араны бекемдөө жана фитосанитардык, ветеринардык көзөмөлдү жакшыртууга 200 миллион доллар бөлгөнү белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0