Россиянын жаңы тасмаларын чоң экрандан акысыз көрө аласыз. Фильмдер тизмеси

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүү"Майор Гром. Чумной доктор" тасмасынын пермьерасында. Архив
Майор Гром. Чумной доктор тасмасынын пермьерасында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2021
Жазылуу
Кыргызстандыктар Россияда акыркы эки жыл ичинде тартылган беш тасманы чоң экрандан акысыз көрө алат. Фильмдер 8-10-октябрь күндөрү "Ала-Тоо" кинотеатрында тартууланмакчы.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында Бишкекте алгачкы ирет Russian Film Festival фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруу тобунан билдирди.
Иш-чарада кыргызстандыктар Россияда акыркы эки жыл ичинде тартылган беш тасманы чоң экрандан акысыз көрө алат. Фильмдер 8-10-октябрь күндөрү "Ала-Тоо" кинотеатрында тартууланмакчы.
Фестивалдын программасына төмөнкү тасмалар кирди:
"Майор Гром. Чумной доктор" (режиссёру Олег Трофим, 2021-жыл). Санкт-петербургдук "идеалдуу полиция кызматкери" менен бет капчан адамдын тиреши тууралуу көркөм фильм. Ал Netflix платформасында июль айында эң көп көрүлгөн тасма болгон;
Кадры из фильма Дорога в Эдем - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2021
"Акыркы көч" тасмасы Россиядагы кинофестивалда "Мыкты музыка" сыйлыгына татыды
"Конек-Горбунок" (режиссёру Олег Погодин, 2021-жыл). Петр Ершовдун ушундай эле аталыштагы жомогунун негизинде тартылган фантастикалуу тасма;
"Родные" (режиссёру Илья Аксенов, 2021-жыл). Мезгилдин сыноосунан өткөн үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу фильм;
"Пальма" (режиссёру Александр Домогаровдун кичүүсү, 2020-жыл). 1974-1976-жылдары Внуково аэропортунда болгон окуя тууралуу тасма. Анда Пальма аттуу ит башка өлкөгө учуп кеткен кожоюнун узак убакыт бою күтөт;
"Китобой" (режиссёру Филипп Юрьев, 2020-жыл). Режиссёрдун дебюттук иши. Өспүрүм порнографиялык чаттагы кызды жакшы көрүп калып, аны табуу үчүн АКШга барууну чечет.
Каалаган тасмага кирүү үчүн шилтемеге кирип катталуу керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0