23:37 26 Теке 2021
Түз эфир
  • USD84.4100
  • EUR99.5152
  • RUB1.1392
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (401)
233 0 0

Кечээ жакынга чейин эле (1983-жылы каза тапкан) арабызда жашап келсе да, биз баалабай, барктабай, чыгармаларын толук жазып албай, китептерин кеңири чыгарбай жүргөн акындардын бири – Сыдык Алайчы уулу.

Ал педагог болуу менен жаштарга насаат айткан санат ырларын арбын чыгарган. Токтогул, Барпы, Ботобай, Ташмат, Амира, Арзыбай деген ырчылар менен үзөңгүлөш жүрүп, алар тууралуу көптү билген, көп окуган киши болгон. Sputnik Кыргызстан "Бала ырчы" деген ылакап менен эл-журтка таанылган Сыдык Алайчы уулу тууралуу 10 факт сунуштайбыз.

Туулган жери, ата-теги, балалыгы. Бала ырчы Сыдык 1894-жылы ошол кезде азыркы Кара-Суу районуна караштуу Асанбек-Чек деп аталган жерде туулган, кийин чамасы байлардын (Асанбек Алымбек датканын уулу) аты менен аталып калган дешкенби, бул айылды Кыргыз-Чек деп өзгөртүшкөн. Оштон Алай тарапка чыга бериштеги, шаардын Сулайман Тоосу көрүнүп турган айыл. Атасы Алайчы годогочун (кодогочун) уруусунан болгон.

Атасынан үч жашында айрылып, эки ага, эки ини, бир эжеси менен апасы Ажардын колунда калат. Энесинен да тогуз жашында айрылган. Ата-эненин дидарына тойбой "агада алты жыл, жеңеде жети жыл жүрүп", "адырдан шыбак чаап", "жылаңаяк, жылаңбаш он алты бада баккан", "малайлыктан алты пул албай", "аркасына отун артып", өгөй жеңеден өксүү тарткан. Өгөй атасы Сапар эжеси Сарагүлдү он төрт жашында күйөөгө берип, агалары өзүнчө кетип, иниси каза болот. Сапар менен жеңеси Майрам бала он үчкө келгенде Оштон өзбектердин субай малдарын алып келип кайтартат. Каримжан деген байдын коюн багат. Кийин бир аз эр жетип эптеп аял алганда анысын тартып алышкан. Ноокатта күрөшкө түшүп, жамбашын сындырып, дагы бир азапка кабылган. Мына ушундай оор балалык, жаштык, кыйын күндөр аны чыйрак өстүрүп гана калбай, адам катары, акын катары турмуштун ак-карасын иргөөгө, жамандык менен жакшылыкты, куниктик менен пакизалыкты, байлык менен жоктукту, ачтык менен токтукту, ыймандуулук менен ыймансыздыкты ж.б. карама-каршы дүйнөнүн не бир контрасттарын таанып-билүүгө үйрөткөн.

Ботобай ырчыга шакирттикке өтөт. Бул тууралуу адабиятчы Орозова мындай деп жазат: "Турмуштун азабынан ар кимдин малын багып, жан сактайт. Атасынын бир тууган карындашынын күйөөсү Абдибайит деген жездеси Булак-Башыга (азыркы Өзбекстандын Анжиан облусуна караган жер – М.А.) алып кетип, өзүнүн иниси Калматка малайлыкка берет. Калмат Сыдыкты жакшы карап, кийиндирип, эмгек акысын төлөп турат. Табиятынан ырга шыктуу Сыдыктын өнөрүн байкаган Калмат алгач ирет Курбанбай дегендин тоюна алып барып ырдатат. 16 жаштагы Сыдык ошол тойдо ата-энеден ажырап, ага менен жеңенин көзүн карап, көрүнгөндүн малын багып, жарытылуу акы албай, өлбөстүн күнүн көргөн балалыгын ырдап өтөт. Баланын ырын угуп отурган белгилүү ырчы Ботобай ошол күнү кечинде Сыдыкты жездесинен сурап, жылына 40 сом төлөмөк болуп алып кетет. Мына ушул окуядан кийин Сыдыктын тагдырында чоң бурулуш болот. Бир жагынан тоюнуп, кийинип, кызмат акысын алып тыңып калат. Экинчи жагынан ал таланттуу ырчынын шакирти болуу менен ырчылык өнөрдүн чоң мектебине аралашат. Акындын өзүнөн жазылган бардык маалыматтарда чыгармачылык шыгынын өсүшүнө Ботобай ырчынын ар тараптуу жардамы болгон" (Орозова Г. Сыдык Алайчиев. китепте: Кыргыз адабиятынын тарыхы. 7 томдук. А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. 5-т. Б.: Шам, 2002. – 343-344-б.).

Барпы апыздын батасын алган. Аны менен Барпы апыз Созоктун Чөкө-Төбө деген жеринде Шүкүраалы атасына аш берип аткан жерде айтышат. Ортого пул коюлуп, айтыш катуу өтөт. Жаш ырчыны Ботобай баштаган улуу ырчылар сүрөп отуруп, ага жеңишти ыйгарып жиберишет. Ошондо Ачыдан келген Барпы акын "Даңкын угуп жүрчү элем, укканымча бар экен, тарбиялап өстүрсө, боло турган бала экен" деп баа берип, өзү баладай, бой-келбети да кичирээк болгону үчүн "Бала ырчы" деген ылакап аты менен оозго алынып кетет. Ал да Барпыга окшоп комузсуз, төгүп ырдаган.

Жыйырма алты жыл мугалим катары бала окуткан. Ал 1927-жылы сабатсыздыкты жоюу боюнча ликбездер ачылганда, сабат ачуу боюнча мугалим болгон. Бул жагынан аны Кара-Суунун Дүйшөнү деп койсок болот. Ошондон тартып, 1953-жылга чейин советтик мектептерде мугалим болуп иштеген, ал эмгектери үчүн "Кыргыз ССРинин мектептерине эмгек сиңирген мугалим" деген атактуу наам алган.

Сабат ачууга чакырган жана мектеп тууралуу ырлары. Бала ырчы Сыдык жаза да, төгө да билген. Анын ырларындагы идеяларынын маанилүү бөлүгү – билим алууга чакырык, билимге, илимге үндөө менен байланышат. Ал мугалим катары, социалисттик коомдун жараны катары билимдин маанисин туура түшүнгөн. "Ликбез тууралуу ыр" деген чыгармасында "кары-жашың баарыңар, кагаз-калем алыңар" деп өткөн кылымдын 20-30-жылдарынын ураанын үндөөчүлүк, үгүттөөчүлүк, чакырыктык тон менен берсе, "Мектеп" деген ырында ал советтик мекемени жумулган көздү ача турган, кара менен акты ылгата турган жай экендигин айтат. Акын билимдүү менен билимсизди абдан таамай салыштырат. Билимдүү – озот, жетик, бекем, адам, билгир, дилгир, узун кеп сүйлөйт, ыраакты көздөйт; билим – канат; билимдүүнүн – көзү курч, алыстан келет, ою чоң нуска. Билимсиз – бечел, наадан, паамсыз, сөзү мурч, жарыштан чыкпайт, тузу жок, ою эң кыска. Андыктан жаштардын милдети – обу жок элирбей, өмүрдү бошко кетирбей, окуп билим-илим алуу экендигин насааттайт.

Жакшы аял жана жаман аял. Акын адам мүнөздөрүн, киши сапаттарын бири-бирине контрасттуу коюп, дал ошол карама-каршылыктан кайсынысы оң, кайсынысы терс экендигин, кандай адамдарга теңелбөө керектигин, ал эми кандай адамдардан үлгү алуунун зарылдыгын ыбараттаган. Акындын турмуш тажрыйбасынан жана кыргыз этнопедагогикасынан жыйнап келип, өз заманынын этикалык эреже-нормаларынан улам айтып жаткан аял тууралуу түшүнүктөрүн карап көрөлү. Жакшы аял: "сүлөөсүндөй керилет, сүйлөргө сөздөн эригет", "кысып сүйлөйт өзүнү, кылбатта айтат сөзүнү", "аптада жууйт чачыны, кушкер кылат ашыны", "секиндеп элге билгизбей, серпип сүйлөйт кашыны", "килем согуп, жүн кылат, үйүнүн ичин гүл кылат", "тапканың чачпай талаага, бирди тапсаң, миң кылат". Ал эми жаман аял: "айында жуут чачыны", "арам кылат ашыны", "эринин эски көйнөгүн чулгап алат башына", "иш кылыштан эригет, бекерликке берилет", "безгекке окшоп теригет", "ачуусу келсе арылдап, аюуга окшоп булкунат, адамга карап жулкунат". Кыргыз эл акындарынын поэтикалык маданиятында жакшы аял менен жаман аялдын, жакшы кыз менен жаман кыздын, жакшы жигит менен жаман жигиттин, жакшы киши менен жаман кишинин салыштырма образдары өтө кеңири жана ар тараптуу түзүлгөн. Сыдык Алайчы уулу да ошол традицияны карманат. Ал кезде "жаман" жана "жакшы" эки сөз, эки этикалык категория, таразанын эки табагы сыяктуу адамдарды эки уюлга бөлүп турган. Табактын кайсыл тарабы оодук болсо, ал адамга жанашкан же андан жаа бою качышкан. Ал эми андай ылгоонун, адамдарды эки лагерге бөлүп кароонун чен-өлчөмү кандай, адамдардын сапаттары тараза менен тартылбагандан кийин аны кандай билишет деген суроо коюлбай калбайт. Мунун эң башкы критерийи – турмуш, улуу адамдардын башынан өткөн тажрыйбалары, эпикалык педагогикалык билимдер. Кыргыздар ал учурда үй-бүлө курууга өзгөчө жоопкерчилик менен караган. Аны үчүн жар тандоо керек, кандай кыз мыкты аял болорлугу, кандай жигит мыкты күйөө болорлугу элдик акындар – элдик тарбиячылар тарабынын абдан кылдат жана терең иштелип чыккан. Элибизде эне тарбиясы, ата тарбиясы, ага-эже тарбиясы, чоң ата, чоң эне тарбиясы, кайын эне, кайын эне, жеңе тарбиясы деген сыяктуу эле ырчылар тарбиясы өзгөчө мааниге ээ болгон, "палан ырчы айткандай кыз паландын кызы" деп ата-энелер үйлөнө турган жигитке акын түзгөн идеалдуу кызды таап беришкен, ырчынын критерий менен идеалдуу жар изделген. Сыдык Алайчы уулунун түшүнүгүндө эр жигиттин жашоосунда эң керектүү эки зат бар, алар – жакшы аял жана жакшы ат, бул экөө бири-бирин толуктап турат. Мисалы, "алдыңда күлүк ат болсо, кутулуп кетпейт кууганың", "жакшы аял алгандын, ажырап кетпейт тууганың", "ооматы келген жигиттин күлүк болот мингени, күлүп сүйлөйт сүйгөнү" ж.б. Демек, кыргыз салтындагы жылкы философиясы менен аял этномаданияты параллель каралуу менен бул эки түшүнүктүн педагогикалык мааниси ачылып берилет.

Дөөлөт философиясы. Акындын оюнда адамдын моралдык сапатын сыноонун бир өлчөмү – бул ага дөөлөт берүү. Кыргыздар кээ бир адамдарды "дөөлөтүнө мас болгон" десе, кээ бирлерди "дөөлөтүн көтөрө алат", "дөөлөтүн көтөрө албайт", "дөөлөтү башынан ашып-ташыган" дешет. Дал ошол дөөлөт менен адамдын адамдыгы сыналат. Муну ал:

Жаманга дөөлөт келгенде,
Көтөрө албай мас болот.

Жакшыга дөөлөт келгенде,
Шүгүрүн бажаз келтирип,

Куп бечара пас болот, - деп, дөөлөттүн эки түрдүү адамдын эки түрдүү кабыл алуусун көрсөтүү менен биз кайсыны тандашыбыз керектигин айтып берет. Акындын этикалык философиясында "эр жигиттин башында эчен түрдүү иш болот, ниети туура жигитке, түгөнбөс дөөлөт туш болот", демек, ал ошол башындагы иштерден туура ниет менен гана чыга алса, түгөнбөгөн дөөлөткө туш келет.

Болот этикалык философиясы. Жаштарга айтылган санат, насыят анын "Болот" деген ырында дагы бир бийиктикке чыгат. Кыргыз эл педагогикасында "мындай кылсаң, андай болот", "андай кылсаң, мындай болот" деген нравалык-моралдык терме айтылып келет. "Жаман болот", "убал болот" деген тыйымдар жандуу жаратылышыбызды да, жансыз табиятыбызды да, адамдын ички маданиятын да ар дайым аруу сактап келген. Мисалы, акындын ырында мындайча интерпретацияланат: "жаман менен достошсоң, акыры бир күн доо болот", "жашында иштеп мал таппай, жалкоолонгон адамдар карыганда кар болот", "барыш-келиш кылбасаң, ага, ини, карындаш, бир-бирине жат болот" ж.б. Ушинтип турмуштун ар кандай көрүнүштөрү санакталат, адептик жүрүш-туруштун, адам кылыктарынын оңунун жыйынтыгы, терсинин жыйынтыгы акыры келип, натыйжасы "андай болот", "мындай болот" деп отуруп, акын узун сабак ибарат кылат жана ал аркылуу адамдарды жакшы боло турган жыйынтыктарга алып келүүчү иш-аракеттерди аткарууга чакырат.

Өдөмү жок жигиттер
Өз малын эптеп сата албайт.

Башына мүшкүл иш түшсө,
Чоркоктор сөзүн айта албайт.

Маңдай-тескей жоо келсе,
Баатырлар жоодон кайта албайт.

Адаби жоктор уялбайт.
Бейсаатка сөз айтсаң.

Мойнун бурап тил албайт, - деп, эптүү болууга, чоркок болбоого үндөйт.

Бала ырчынын мурастары. Акындын ырлары алгачкы жолу 1981-жылы чыккан Сулайман Кайыпов түзгөн "Эл ырчылары" деген китепке бир бөлүк болуп жана ошол эле жылы жарык көргөн Жаки Таштемиров чогултуп жарыялаган "Алайчиев С. Бала ырчы. Ырлар" деген чакан китепчеге кирген. Фольклорчу Гүлбара Орозова анын чыгармачылыгын изилдеп, "Кыргыз адабиятынын тарыхы" деген китепке киргизген, өзүнчө жыйнагын түзүп, ага баш сөзүн жазган.

Урпактары. Сыдык Алайчы уулу 1983-жылга чейин жашады. Кыргыз-Чектин кадырлуу аксакалы болду. Айылдагы №87 инновациялык мектеп-гимназия комплекси (узак жылдан берки директору Алтымыш Топчубаев) ошол кишинин атын алып жүрөт. Сыдык ырчы менен Таажи апанын улуу баласы Акбаралы мектепте мугалим, директор болуп жүрүп, Ош пединститутунун адабият кафедрасына окутуучулукка өтүп, андан Москвадагы Максим Горький атындагы бүткүл дүйнөлүк адабият институтунун аспирантурасында окуп, "Манас" эпосундагы баатырдык мотивдер боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон. Эпостун текстин орус тилине сөзмө-сөз которууга катышкан, тилекке каршы, эрте өтүп кетти. Экинчи уулу Баатыралы философия илимдеринин доктору, ал губернатор, элчи, ректор болуп иштеген, өткөн жылы анын ысымы Оштогу кыргыз-өзбек университетине ыйгарылган. Кийинки уулдары Бакирали, Закирали, Касымали, Али – баары тең жогорку билим алып, педагогдук кесиптерде жана жетекчилик кызматтарда иштеди. Небереси Данияр Сыдыков Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси, КР президентинин тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматтарын аркалап келди.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (401)

Тема боюнча

Жусуп Баласагын жана "Кут алчу билим" дастаны туурасында кызыктуу 20 факты
"Көк Асаба" романы туурасында кызыктуу 10 факты
Белгилер:
педагог, акын, ырчы, бала, Ош облусу, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ